Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК Эл аралык стандартташтыруу уюму менен кызматташтыкты тереңдетүүдө
24 Сентябрь | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Эл аралык стандартташтыруу уюму (ИСО) менен кызматташтыгы жөнүндө меморандумга аталган уюм тарабынан кайра каралып жаткан, эл аралык жана регионалдык тректерде өз ара аракеттенүү саясатын эске алуу менен кол коюлушу мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүктү ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директору Тимур Нурашев жана ИСОнун генералдык катчысы Серхио Мухика ИСОнун Генералдык ассамблеясынын Кейптаунда (Түштүк-Африка Республикасы) өткөрүлгөн 42-отурумунун алкагында талкуулашты.

Товарлардын, капиталдын, жумушчу күчтүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин кыймылы үчүн шарттардын түзүлүшү ЕАЭБдин мамлекеттеринин экономикалык өсүшү үчүн күчтүү импульс болууда
24 Сентябрь | Экономика жана каржы саясаты

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсүнүн (министринин) катчылыгынын жетекчиси Аскар Кишкембаев «Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге беш жыл: Соттун ролу» деп аталган эл аралык конференцияда билдирди. Аталган иш-чара 19–20-сентябрда Минскте (Беларусь Республикасы) болуп өттү.

ЕЭК айыл чарба тармагында Венгрия менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө
24 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы 23-сентябрда өнөр жай, эл аралык кызматташтык, соода, санариптештирүү, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) ички рыногунун иштеши, бажылык жөнгө салуу чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.

ЕЭК министри Виктор Назаренко: «ЕАЭБде техникалык жөнгө салуу – бул соодадагы тоскоолдуктарды максималдуу төмөндөтүү менен продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу»
24 Сентябрь | Техникалык жөнгө салуу

«Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү тутумун түзүүнүн негизги максаттары ички рынокто соода жүргүзүүдөгү техникалык тоскоолдуктарды жоюу, аны сапатсыз продукциядан коргоо, Бирликтин өнөр жайы тарабынан өндүрүлгөн продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко Минскте (Беларусь) өткөрүлгөн «Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге беш жыл: Соттун ролу» деп аталган Эл аралык конференцияда билдирди. Ошондой эле, ал техникалык жөнгө салуунун, санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик санитардык чараларды колдонуунун ЕАЭБде түзүлүп жаткан укуктук базасы «адамдардын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн өмүрүн жана ден соолугун, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргойт жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылат».

ЕЭК евразия өнөр жайы үчүн 2018-жылдын жыйынтыктарын чыгарды
24 Сентябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Өнөр жай боюнча консультативдик комитет Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагында Өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттарынын ишке ашырылышына 2018-жылга карата ар жылдык мониторингдин жана талдоонун жыйынтыктары жөнүндө докладды жактырды.

Үчүнчү өлкөлөр жана бирикмелелер менен диалогду, өнөктөштүктү жана ишеним климатын түзүү – ЕЭКтин эң маанилүү приоритети
24 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 23-24-сентябрда Нур-Султанда (Казакстан) өткөрүлүп жаткан «Чоң Евразия: Диалог. Ишеним. Өнөктөштүк» деп аталган Евразия спикерлеринин төртүнчү форумунда катышты.

ЕЭК Филиппиндер менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүдө
23 Сентябрь | Техникалык жөнгө салуу

ЕЭК Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко 23-сентябрда Комиссиянын штаб-квартирасында Филиппин Республикасынын айыл чарба министринин орун басары Уальдо Карпио башында турган, Филиппиндердин мамлекеттик органдарынын жана бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушууда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Филиппин Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумду түзүүнү сунуш кылды.

ЕЭК ЕАЭБдин металлургдарынын жана машина куруучуларынын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүнү колдойт
23 Сентябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Бул тууралуу Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасынын (РФ СӨП) аянтчасында РФ СӨП Кеңешинин «Машина куруу жана металлургия: кызматташтыкты кантип өнүктүрүүгө болот?» деген тема боюнча Россиянын экономикасын өнүктүрүү жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча отурумунун алкагында айтылды.

ЕЭК министри Виктор Назаренко: «ЕАЭБде товарлардын кыймылынын эркиндигине техникалык жөнгө салуу тутумун түзүүнүн аркасында жетүүгө мүмкүн болду»
23 Сентябрь | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн эң мыкты адистери жана бизнес өкүлдөрү менен биргеликте ондон ашуун жаңы техникалык регламенттерди иштеп чыгышууда. Алар, атап айтканда, Бирликтин мамлекеттеринде трамвайларга жана метрополитендин дөңгөлөктүү составына, канаттуулардын этине жана аны кайра иштетүү өнүмдөрүнө, жемдерге жана жем кошулмаларына карата бирдиктүү коопсуздук талаптарын белгилемекчи. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко Минскте (Беларусь) өткөрүлгөн «ЕАЭБ: ийгилик үлгүлөрү» деп аталган жаш Евразия лидерлеринин форумунда билдирди.

IV «Евразия жумалыгынын» пленардык отурумунда ЕЭК жана бизнес ЕАЭБдин жаңы экономикалык саясатын талкуулашмакчы
23 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Бир жумадан кийин Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бийлик органдарынын жана бизнесинин өкүлдөрү, өнүктүрүү институттарынын адистери, каржы регуляторлору, эксперттери Кыргыз Республикасынын борбор шаары Бишкекте «Евразия жумалыгы» IV Эл аралык көргөзмө форумунда чогулушат. 25-сентябрда өткөрүлүүчү пленардык отурумдун темасы Евразия бизнес-мейкиндигинин чакырыктары жана перспективалары болмокчу.