Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК делегациясы Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда катышуу үчүн Минскке келди
16 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиянын Төрагасы Михаил Мясникович башында турган делегациясы Минскке келди.

ЕЭК Кыргызстандын жаңы өнүктүрүү институтун түзүү жөнүндө демилгесин карап чыкты
15 Июль | Интеграция жана макроэкономика | Бажы кызматташтыгы

15-июлда Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүү маселелери боюнча жумушчу топтун алгачкы отурумунда катышуучулар жаңы институттун буга чейин болуп келген түзүмдөрдүн жалпы тутумундагы ролун, анын иштөөсүнүн укуктук негиздерин жана мүмкүн болгон каржылоо булактарын талкуулашты.

ЕЭК жана КЭР пандемиядан кийинки дүйнөнүн шарттарында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулашты
15 Июль | Интеграция жана макроэкономика

ЕАЭБдин жана Кытайдын пандемиядан кийинки дүйнөнүн шарттарында өз ара аракеттенүүсүнүн маселелери боюнча семинардын катышуучулары жаңы дүйнөлүк чарба жүргүзүү шарттарында Евразия экономикалык бирлигинин жана Кытай Эл Республикасынын стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн, "Бир алкак, бир жол" кытай демилгесин жана евразиялык интеграция долбоорлорун байланыштыруунун багыттарын, ошондой эле тараптардын ортосундагы эксперттик диалогду кеңейтүүнүн перспективаларын талкуулашты.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму
15 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

17-июлда Минскте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму болуп өтмөкчү.

ЕЭК жана ЕАЭБ өлкөлөрү илимий негиздеги үрөнчүлүк чарбасы жана асыл тукум мал чарбачылыгы боюнча мыйзамдарды бир түргө келтиришмекчи
14 Июль | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө мөмө берүүчү, жемиш берүүчү өсүмдүктөрдүн жана жүзүмдүн отургузуучу материалынын сорттук сапаттарын аныктоо, ошондой эле мал чарбачылыгында түзүлүп жаткан селекциялык жетишкендиктерди апробациялоо ыкмаларын бир түргө келтирүүдө көмөк көрсөтүүгө даяр. Аталган багыттар боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү пландаштырылууда. Бул тууралуу 13-июлда Комиссиянын штаб-квартирасында агроөнөр жай комплекси боюнча Консультативдик комитеттин ЕЭКтин өнөр жай жана АӨК боюнча министри Артак Камаляндын төрагалагы астында өткөрүлгөн кеңешмесинде кеп козголду.

ЕЭК Кеңеши "Евразия өнөр жай кооперациясы, субконтрактация жана технологиялар трансфери тармагы" долбоорунун жалгыз операторун тандоонун тартибин бекитти
14 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

13-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда "Евразия өнөр жай кооперациясы, субконтрактация жана технологиялар трансфери тармагы" долбоорун ишке ашырууда жалгыз операторду тандоонун тартиби бекитилди. Жалгыз оператордун уюштуруучулары Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттериндеги улуттук операторлор болмокчу.

Тиричилик газ приборлору коопсузураак болмокчу
13 Июль | Техникалык жөнгө салуу | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

ЕЭК Кеңеши "Газ түрүндөгү отун менен иштөөчү аппараттардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу планына киргизди.

Геомаалыматтык кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы евразия тобу орбитага чыгууда
13 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

13-июлда ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн Жерди алыстан байкоо (ЖАБ) маалыматтарынын негизинде космостук жана геомаалыматтык кызматтарды көрсөтүү жаатындагы алгачкы глобалдык кооперациялык долбоорун – Бирликтин мүчө мамлекеттери үчүн пилоттук болуп саналган мамлекеттер аралык программаны жактырды. Эми аны баштоо үчүн акыркы кадам калды – Өкмөттөр аралык кеңеш тарабынан бекитүү, ал ушул жылдын 17-июлунда күтүлүүдө.

ЕЭК жана ЕАТ кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө келишишти
10 Июль | Экономика жана каржы саясаты


​Е​ЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыков жана Росфинмониторингдин директору, ЕАТнын Төрагасы Юрий Чиханчин Евразия экономикалык комиссиясынын жана Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты.

"Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке өзгөртүүлөр күчүнө кирүүдө
10 Июль | Техникалык жөнгө салуу

11-июлда Бирликтин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине Евразия экономмикалык комиссиясынын Кеңешинин 2019-жылдын 8-августундагы № 115 Чечими менен кабыл алынган өзгөртүүлөр күчүнө кирмекчи.