Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Балдардын азыктануусу үчүн ичүүчү сууга карата стандарттардын тизмеги кеңейтилди
16 Июнь | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык бирлигинин "Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый жана минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин талаптарын колдонуу жана аткаруу жана техникалык жөнгө салуу объектилеринин шайкештигин баалоону жүргүзүү үчүн зарыл болгон изилдөөлөрдүн жана өлчөөлөрдүн эрежелерин жана ыкмаларын, анын ичинде үлгүлөрдү тандоо эрежелерин камтыган стандарттардын тизмегине өзгөртүүлөр киргизилди.

ЕЭК жана ЕККУ COVID-19 пандемиясынын шарттарында өз ара аракеттенүүнү улантышууда
16 Июнь | Интеграция жана макроэкономика

Ишкердик жана инвестициялык климатты жакшыртуу, стабилдүү каржылык шарттарды түзүү, контракттарды түзүү процесстерин жана мамлекеттик сатып алууларды санариптештирүү, ошондой эле санариптик технологиялардын аркасында экономикалык ишмердикке кеңири сандагы катышуучуларды тартуу – бул темалар ЕККУнун 28-чи Экономикалык-экологиялык форумунун экинчи даярдык жолугушуусунун жүрүшүндө көңүл борборунда болду.

ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директору болуп Алексей Сушкевич дайындалды.
15 Июнь | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Алексей Геннадьевич Сушкевич 1966-жылдын 4-июлунда төрөлгөн. 1988-жылы М.В. Ломоносов атындагы ММУну бүтүргөн. 1992-жылы Россия илимдер академиясынын АКШ жана Канада Институтунда АКШнын жана Европа экономикалык коомдоштугунун технологиялык алмашуусу темасы боюнча кандидаттык диссертацияны жактап, экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.

Михаил Мясникович Владимир Путинди Россия Күнү менен куттуктады
12 Июнь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Россия Күнү менен куттуктады.

ЕЭК Израиль менен агрардык инновациялык технологиялар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүдө
11 Июнь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексине жаңы технологияларды киргизүү боюнча тармактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында Израилдин Тышкы иштер министрлигинин жана Экспортту жана кооперацияны өнүктүрүү боюнча институтунун көмөк көрсөтүүсү менен Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камаляндын бир катар израилдик уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБде коронавирустун таралышынын алдын алуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планынын долбоорун жактырды
10 Июнь | Техникалык жөнгө салуу

ЕАЭБ мамлекеттеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңеши Евразия экономикалык комиссиясы менен биргеликте коронавирустук инфекциянын жана башка кооптуу инфекциялардын таралышынын алдын алууга, саламаттыкты сактоо, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө, COVID-19ду диагностикалоо жана аны вакцина менен алдын алуу каражаттарын биргеликте иштеп чыгуу тутумдарынын потенциалын жогорулатууга багытталган санитардык-эпидемиологиялык саламаттык жана саламаттыкты сактоо жаатындагы кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү иш-чаралардын Комплекстүү планынын долбоорун даярдашты.

ЕЭК Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексин өнүгүүсүн болжолдоонун методологиясын жактырды
09 Июнь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Документте аныкталган мамилелер ЕАЭБде айыл чарба өндүрүшүнүн экономикалык өнүгүүсүн болжолдоону жана негизги агрардык азык-түлүк товарларын пайдалануу рыногун, көрсөткүчтөрдү ар эки жылда тууралоо менен, орто мөөнөттүү (5 жыл) жана узак мөөнөттүү (10 жыл) мезгилге түзүүгө мүмкүндүк берет.

ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренконун Бүткүл дйнөлүк аккредиттөө күнү менен куттуктоосу
09 Июнь | Техникалык жөнгө салуу

Бүткүл дйнөлүк аккредиттөө күнүнүн 2020-жылдагы урааны – "Аккредиттөө: тамак-аш продукциясынын коопсуздугун жогорулатуу"

ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв: "Бүгүнкү кризистен негизги соода өнөктөштөрүбүз болуп саналган Кытай жана Европа менен биргеликте чыгуу зарыл"
05 Июнь | Соода

Дүйнөлүк сооданын кулашына, суроо-талаптын начарлашына, тобокелдиктердин өсүшүнө, ошондой эле протекционизмдин күчөшүнө карабастан, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнёв 5-июнда "Глобалдык белгисиздик шарттарында Россиянын экспорттук стратегиясы: ишмердик бирикмелердин, өнүгүү институттарынын жана бийлик органдарынын ролу" деп аталган эл аралык форумда сөз сүйлөп жатып билдирди. Аталган форум "Россия бизнес жумалыгы – 2020" алкагында видеоконференция форматында өткөрүлдү. Иш-чара Россия өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин (РӨИБ) тарабынан Экспортту колдоо боюнча координациялык кеңештин колдоосунда уюштурулду.