Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАӨБ ЕАЭБде импортту алмаштыруу боюнча бирдиктүү долбоорлорду каржылоодо катышууну кароого даяр
04 Июнь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия өнүктүрүү банкы Евразия экономикалык бирлигинде импортту алмаштыруу боюнча долбоорлоорду каржылоодо катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камаляндын жана Банктын Башкармасынын төрагасы Андрей Бельяниновдун жумушчу жолугушуусунун жүрүшүндө кеп кылынды.

ЕЭКтин соода саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп Михаил Черекаев дайындалды
04 Июнь | Соода

Михаил Васильевич Черекаев 1981-жылдын 20-октябрында төрөлгөн. Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Бүткүл Россиялык тышкы соода академиясын "Чет тилин билген экономист" адистиги боюнча бүтүргөн.

ЕЭК Кеңеши коронавирустук инфекция менен күрөшүү максатында ЕАЭБге алымсыз алып келинип жаткан товарлардын тизмегин толуктады жана бир катар материалдардын жана буюмдардын экспортуна тыюу салунун жоюлушун жактырды
03 Июнь | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 3-июнда өткөрүлгөн отурумдун жүрүшүндө бир жолу колдонулуучу жеке коргонуу каражаттарына жана дары-дармек жана дезинфекциялоо каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүү үчүн колдонулган товарлардын айрым түрлөрүнө карата импорттук алымдарды убактылуу негизде нөлгө түшүрүү жөнүндө чечим кабыл алды. Аталган продукциянын тизмесине ортофосфор кислотасы, суутек кычкылы, полимердик плёнка, бир жолу кийилүүчү баш кийимдер жана башкалар кирди. Аталган чечим ал расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирмекчи.​

ЕАЭБ өлкөлөрүндө балдардын оюн аянтчалары үчүн жабдууларга карата талаптар бирдиктүү болуп калды
02 Июнь | Техникалык жөнгө салуу

1-июнда Евразия экономикалык бирлигинин "Балдардын оюн аянтчалары үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти боюнча өткөөл мезгил аяктады. Ал Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин Чечими менен 2017-жылдын май айында кабыл алынып, 2018-жылдын ноябрь айында күчүнө кирген эле.​

Өндүрүүчү-асыл тукум жаныбарлар генетикалык сертификаттарга ээ болушат
02 Июнь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси


Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 2-июнда Евразия экономикалык ​бирлигинин мүчө мамлекеттеринин асыл тукум продукциясына молекулярдык генетикалык экспертиза жүргүзүү жөнүндө жобону бекитти.

Бирдиктүү ветеринардык талаптарга өзгөртүүлөр киргизилди
02 Июнь | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Бирдиктүү ветеринардык талаптардын үч главасына жана Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 607 Чечими менен бекитилген ветеринардык сертификаттардын тийиштүү формаларына өзгөртүүлөрдү киргизди.

ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв жана Египеттин соода жана өнөр жай министри Невин Гамеа Эркин соода жөнүндө макулдашуунун үстүнөн ишти активдештирүү жөнүндө келишишти
02 Июнь | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнёвдун Египеттин соода жана өнөр жай министри Невин Гамеа менен телефондук сүйлөшүүсү болуп өттү. ЕЭК министри кесиптешин анын кызматка киришкендиги менен куттуктады жана Евразия экономикалык бирлигинин жана Египет Араб Республикасынын соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүү боюнча тараптардын натыйжалуу ишинин улантылышына ишеничин билдирди.

ЕЭКтин атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү саясат департаментинин директорунун орун басары болуп Татьяна Чеснокова дайындалды
01 Июнь | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Татьяна Николаевна Чеснокова 1980-жылдын 2-мартында төрөлгөн. Ленинград мамлекеттик областтык университетин "Юриспруденция" адистиги боюнча, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн алдындагы Каржы академиясын "Каржы жана насыя" адистиги боюнча бүтүргөн.

ЕЭКтин интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болуп Елена Данилова дайындалды
01 Июнь | Интеграция жана макроэкономика

Елена Владимировна Данилова 1963-жылдын 25-майында төрөлгөн. М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин экономика факультетин жана аспирантурасын бүтүргөн. Экономика илимдеринин кандидаты. Англис, француз жана поляк тилдеринде эркин сүйлөйт, немис жана испан тилдерин билет.

ЕЭКтин маалыматтык технологиялар департаментинин директору болуп Павел Ткач дайындалды
01 Июнь | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Павел Николаевич Ткач 1978-жылдын 15-ноябрында төрөлгөн. Белорус мамлекеттик информатика жана радиоэлектроника университетин "Телекоммуникациялык тутумдар" адистиги боюнча бүтүргөн.