Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБде табигый монополиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдар шайкеш келтирилет
23 Октябрь | Энергетика жана инфраструктура

Евразиялык экономикалык комиссия табигый монополиялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга карата сунуштарды даярдады. Бул туурасында Табигый монополиялар боюнча консультативдик комитеттин 22-октябрда болуп өткөн 20-отурумунун жыйынтыктары боюнча маалымдалды.

ЕАЭБ Интернеттеги интеллектуалдык укуктардын бузулушуна каршы күрөшүү боюнча макулдашылган ыкмаларды калыптандырууда мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны колдонот
23 Октябрь | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты министринин катчылыгынын башчысы Аскар Кишкембаев профессор А.Л. Маковскийди эскерүүгө арналган "Азыркы дүйнөдөгү интеллектуалдык укуктар" тегерек столдо Интернет тармагында интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоонун усулдары жөнүндө айтып берди. Иш-чара 21-октябрда Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Мыйзамдуулук жана салыштырмалуу укук таануу институтунун "Профессор С.Н. Братусду эскерүүгө арналган ар жылдык XV илимий окуулар" эл аралык илимий-практикалык конференциясынын алкагында өткөрүлгөн.

ЕЭК алдын ала маалымдоо боюнча чечимдери ишканалардын жашоосун жеңилдетет
23 Октябрь | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы алдын ала маалымдоо маселеси боюнча бир катар чечимдерди кабыл алды. Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына транспорттун ар кандай түрлөрү менен ташып келүүгө арналган товарлар жөнүндө алдын ала маалыматтарды берүү тартибине, каттоо тартибине жана алдын ала маалыматты колдонуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Өзгөрүүлөр алдын ала маалыматтын түзүмүнө да тиешелүү болду.

Михаил Мясникович Аскар Маминди туулган күнү менен куттуктады
23 Октябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Казакстан Республикасынын Премьер-министри, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөсү Аскар Маминди туулган күнү менен куттуктады.

ЕАЭБ Евразиядагы бизнес үчүн жөнгө салуучу маселелерди жакындаштыруу үчүн аянтча сунуштоого даяр
23 Октябрь | Соода

Евразиялык экономикалык бирлиги жөнгө салуучу ыкмаларды жакындаштыруу, байланышты өнүктүрүү жана кызматташтыкты кеңейтүү максатында, континенттеги алдыңкы экономикалардын консультацияларын уюштуруу жана көмөктөшүү аянтчасы боло алат. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнев Верона шаарында өткөрүлгөн Евразия экономикалык форумунун алкагында "Структуралык экономикалык кризис жана пандемия: жаңы геосаясий жана социалдык-экономикалык тартипти издөө (Европа, Евразия, АКШ, Кытай)" сессиясында сүйлөп жатып билдирди.

Немец бизнесине ЕАЭБ рыногунда иштөө мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү пайдалануу сунушталды
23 Октябрь | Интеграция жана макроэкономика

Евразиялык экономикалык комиссия негизги аймактык интеграциялык бирикмелер менен мамлекеттердин ортосунда диалог түзүү менен Чоң Евразиялык мейкиндиктин алкагында өз ара аракеттенүүнү жигердештирүүнү сунуштайт. Бул туурасында ЕЭКтин интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян 22-октябрда ЕАЭБде немец бизнеси үчүн "Евразия экономикалык бирлиги: мааниси, жетишкендиктери, өнүгүү келечеги" IV конференциясында билдирди.

ЕЭК ЕАЭБде транспорт саясатын жүзөгө ашырууну талкуулады
22 Октябрь | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин Координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатын жүзөгө ашыруунун негизги багыттарын жана этаптарын ишке ашыруу маселелерин жана ЕАЭБде транспорттун ар кандай түрлөрү менен жүргүнчүлөрдү ташууну жандандыруу мүмкүнчүлүктөрүн 21-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Транспорт жана инфраструктура боюнча консультативдик комитетинин 18-отурумунун катышуучулары видеоконференция режиминде талкуулашты.

ЕАЭБте айыл чарба продукциясын жүгүртүү жагында талаптарды унификациялоо жана илимий-инновациялык кызматташтыкты өнүктүрүү пландаштырууда
22 Октябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Агроөнөр жай комплекси боюнча консультативдик комитеттин катышуучулары мал чарбачылыгынын жана үрөнчүлүктүн жүгүртүлүшү чөйрөсүндө унификациялоо маселелерин, Евразия экономикалык бирлигинде биргелешкен илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди (ИИТКИ) жүргүзүүнүн артыкчылыктарын, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы багыттарын талкуулашты. Отурум 21-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси министри Артак Камаляндын төрагалыгы астында өттү.

Андрей Слепнев ЕБ менен тармактык жана соода-экономикалык күн тартиби боюнча диалогду күчөтүүгө чакырды
22 Октябрь | Соода

Евразия экономикалык комиссиясы менен Европа комиссиясынын ортосунда техникалык жана бажылык жөнгө салуу, инфраструктуралык байланыш маселелерин, "жашыл" күн тартибин - айрыкча Европа бирлигинде көмүртекти жөнгө салуу контекстиндеги маселелерди, санариптик чечимдерди предметтүү талкуулоо үчүн эксперттер деңгээлиндеги диалогду күчөтүүгө ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министри) Андрей Слепнев чакырды.

ЕЭК ЕАЭБ алкагында өнөр жай курулуш чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүдө
22 Октябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы эл аралык кызматташтык - өнөр жай курулуш чөйрөсүндө ички рынок үчүн да, тышкы рынокторго чыгуу үчүн да эң келечектүү багыттардын бири болуп саналат. Бул туурасында ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Тигран Арутюнян "Өнөр жай курулушу экономикалык өсүштүн драйвери" панелдик талкуусунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.