Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБ жана Филиппиндер соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүшүүдө
22 Август | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин жана Филиппиндердин ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн перспективалары Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсүнүн (министринин) жардамчысы Федор Черницындын Филиппиндердин өнөр жай жана соода министринин орун басары Сеферино Родольфо менен жолугушуусунун жүрүшүндө көңүл борборунда болду. Сүйлөшүүлөр 21-августта ЕЭКтин штаб-квартирасында Россия-Филиппиндер өкмөттөр аралык комиссиясынын 2-чи отурумунун алдында болуп өттү.

ЕЭК эксперттери ЕАЭБ жөнүндө келишимдеги өзгөрүүлөр тууралуу айтып беришти
22 Август | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

ЕАЭБ жөнүндө келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдүн аркасында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) чек ара аралык рынокторунда ак ниет атаандаштыкты камсыз кылуу үчүн алдын алуу жана эскертүү механизмдерин колдонуу мүмкүн болду. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогунун Коомдук кабылдамасынын Витебскте өткөрүлгөн отурумунун алкагында аталган механизмдерди ишке ашыруу талкууланды. Бул ушул жылдын август айына пландаштырылган үч отурумдун экинчиси.

Беларусь бизнесинин өкүлдөрү ЕЭКтин атаандаштыкты коргоо боюнча укук колдонулуучу иш-тажрыйбасы менен таанышышты
21 Август | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

19-августта Брестте Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу блогунун Коомдук кабылдамасынын 22-августка чейин Беларусь Республикасында өткөрүү пландаштырылган үч көчмө отурумунун биринчиси болуп өттү. Анда 70тен ашуун ишканалардын жана бийлик органдарынын өкүлдөрү катышышты.

«Евразиялык санариптик платформалар» конкурсунун жарым финалы Армения Республикасында «АРМЕНИЯ EXPO» көргөзмө форумунун алкагында болуп өтмөкчү
20 Август | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

«Евразиялык санариптик платформалар» Эл аралык инновациялык долбоорлор конкурсунун жарым финалы 13-сентябрда Армения Республикасында «АРМЕНИЯ EXPO» универсалдуу регионалдык соода-өнөр жай көргөзмө форумунун алкагында өткөрүлмөкчү (Ереван ш., А. Акопян көч., 3-үй, «Ереван EXPO» көргөзмө комплекси).

Мүчө мамлекеттердин экономика министрликтеринин жетекчилери тышкы чакырыктарга жооп берүү үчүн кызматташтыктын натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгууну макулдашышты
20 Август | Интеграция жана макроэкономика

Мүчө мамлекеттердин экономика министрликтеринин жетекчилери Кыргыз Республикасынын Сары-Ой айылында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өкүлдөрүнүн катышуусунда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) учурдагы макроэкономикалык жагдайын тышкы чакырыктар контекстинде талкуулашты.

ЕЭК банк кепилдиктеринин ЕАЭБ мамлекеттери тарабынан өз ара таанылышы жөнүндө макулдашуунун долбоорун даярдоодо
19 Август | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө макулдашуунун долбоору 2020-жылдын 1-июлуна чейин даярдалмакчы. ЕЭК Кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча бул иш Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу блогуна тапшырылды.

Улуттук валюталарды пайдаланууну кеңейтүү үчүн жөнгө салуучу органдардын кыйла тыгыз кызматташтыгы талап кылынат
16 Август | Интеграция жана макроэкономика

Улуттук валюталарда эсептөөлөрдү жүргүзүү боюнча эксперттик кеңештин Россия Банкы тарабынан Москвада уюштурулган отурумунда улуттук валюталарда эсептөөлөрдү жүргүзүү жана КМШдагы интеграциялык процесстер, улуттук валюталардагы каржы куралдарын өнүктүрүү, КМШ мейкиндигиндеги төлөм тутумдарынын интеграциясы талкууланды.

ЕАЭБдин жалпы электроэнергетика рыногу 2025-жылдын 1-январынан кеч эмес аракетке киргизилет
16 Август | Энергетика жана инфраструктура

Бул дата Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Электроэнергетика боюнча консультативдик комитетинин Чолпон-Атада (Кыргызстан) болуп өткөн көчмө отурумунда аталды.

«Евразия жумалыгы» форумунун аянтчасында ЕАЭБдин алкагында гуманитардык кызматташтыктын экономикалык аспектилерин кеӊейтүүнүн перспективаларын талкуулашат
16 Август | Интеграция жана макроэкономика

26-сентябрда «Евразия жумалыгы» IV Эл аралык көргөзмө форумунун алкагында «ЕАЭБдин жаңы чектери: жарандардын кызыкчылыгында өнүктүрүү стратегиялары» деп аталган панелдик сессия өткөрүлмөкчү, ал Евразия экономикалык бирлигинин интеграциялык күн тартибинин алкагында билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, туризм жана спорт тармактарындагы маселелерди талкуулоого арналмакчы.

Кыргызстандагы «Евразия жумалыгында» ашыра өндүрүү маселелерин жана АТР жана ЕАЭБ рынокторундагы соода талаштарынын алдын алууну талкуулашат
15 Август | Соода

25-сентябрда «Евразия жумалыгы – 2019» IV Эл аралык көргөзмө форумунун аянтчасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишинанын катышуусунда «ЕАЭБ: глобалдык рынокко интеграциялануу жана АТР рынокторундагы мүмкүнчүлүктөр» деп аталган панелдик дискуссия орун алмакчы.