Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБ-Кытай: алдыда биргелешкен чоң иш күтүүдө
08 Август | Интеграция жана макроэкономика

«ЕАЭБдин жана «Бир алкак – бир жолдун» айкалыштырылышы – бул Евразиядагы экономикалык да, тарыхый да өбөлгөсү бар интеграциялардын интеграциясы идеясынын ишке ашырылышы», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсүнүн (министринин) жардамчысы Федор Черницын 7-августта Пекинде Кытай Эл Республикасынын алдыңкы талдамалык борборлорунун жетекчилери менен жолугушууда билдирди. Кытайга ал КЭРдин Коомдук илимдер академиясынын Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия Институтунун директору Су Чжуанчжинин чакыруусу боюнча келген.

Кыргызстанда бильярддык спорт боюнча «Эркин пирамида – 2019» Дүйнө чемпионаты башталды
08 Август | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

8-августта Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында (Кыргыз Республикасы) Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин, вице-премьерлердин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин катышуусунда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын деңгээлинде болуп өткөн отурумунун алдында бильярддык спорт боюнча эркектер жана аялдар арасында «Эркин пирамида – 2019» Дүйнө чемпионаты башталды.

ЕЭК какао өнүмдөрүнүн айрым түрлөрүнө карата алып келүү бажы алымдарынын нөлдүк коюмунун аракетин узартты, ысык чоюлган каӊылтырга карата атайын коргоо чарасын колдонду
07 Август | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы 6-августта соода, бажылык кызматташтык, техникалык жөнгө салуу, дары-дармек каражаттарын жүгүртүү, санитардык жана ветеринардык чараларды колдонуу, экономиканы санариптештирүү, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ички рыногунун иштеши чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.

ЕЭК кабелдик продукция рыногундагы жалпы атаандаштык эрежелеринин бузулушуна иликтөө жүргүзүүдө
05 Август | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Монополияга каршы жөнгө салуу департаменти Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) жөнүндө келишимдин 76-беренесинин 2-пункту менен тыюу салынган жалпы атаандаштык эрежелерди ыктымалдуу бузуу белгилери боюнча иликтөөнү баштады.

ЕЭК жана Аргентинанын Агроиндустрия боюнча өкмөттүк катчылыгы кызматташтык жөнүндө меморандум түзүштү
05 Август | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин жана Аргентина Республикасынын Өндүрүш жана эмгек министрлигинин агроиндустрия боюнча өкмөттүк катчысы Луис Мигель Этчевеэре Буэнос-Айрестеги (Аргентина) жумушчу жолугушуусунун алкагында Агроөнөр жай комплекси (АӨК) тармагында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Маркалоо – ЕАЭБдин ички рыногунда товарлардын эркин жылышын камсыз кылуунун маанилүү аспабы
05 Август | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоону киргизүүгө байланыштуу Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) ички рыногундагы соодадагы тоскоолдуктарды жоюу Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Москвада өз аянтчасында өткөргөн, ишкерлердин кезектеги консультацияларынын темасы болду.

8-августта Кыргызстанда бильярддык спорт боюнча эркектер жана аялдар арасында «Эркин пирамида» дүйнө чемпионаты башталат
05 Август | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

8-августта саат 10.00дө Ысык-Көлдүн жеээгиндеги Чолпон-Ата шаарында (Кыргыз Республикасы) бильярддык спорт боюнча, же башкача аталышы, «американка» боюнча эркектер жана аялдар арасында «Эркин пирамида – 2019» дүйнө чемпионаты башталат.

ЕЭКтин жана Индонезиянын Өкмөтүнүн өз ара аракеттенүүсү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Индонезиянын соода-экономикалык кызматташтыгын күчөтүүгө мүмкүндүк берет
02 Август | Интеграция жана макроэкономика

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Индонезиянын соода-экономикалык мамилелери динамикалуу түрдө өнүгүүдө. Бүгүнкү күндө Индонезия Евразия экономикалык бирлиги үчүн – товар жүгүртүүнүн көлөмү боюнча АСЕАН өлкөлөрүнүн ичинен төртүнчү ири соода өнөктөшү. Акыркы үч жыл ичинде өз ара товар жүгүртүү 35%га өстү (3 млрд долл. чейин), ЕАЭБдин экспорту – 76%га (1,1 млрд долл. чейин), импорту – 18%га (1,9 млрд долл. чейин). Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно «Индонезия жана Россиянын стратегиялык кызматташтыгына карай: туризм, соода жана инвестициялар тармактарындагы үзүрлүү кызматташтыкты активдештирүү» бизнес-форумунда билдирди

ЕЭК ЕАЭБге алып келинген айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнө 2020-жылга карата тарифтик квоталарды белгиледи
31 Июль | Интеграция жана макроэкономика | Соода | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

31-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы бажылык-тарифтик жөнгө салуу, эл аралык кызматташтык, экономиканы санариптештирүү, статистика, коомдук укук, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ички рыногунун иштеши чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.

«Евразия жумалыгы» форумунда «ЕАЭБдин Жаш лидерлер мектеби» ачылат
30 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Жаштардын күн тартиби 25-27-сентябрда Бишкекте (Кыргызстан) болуп өтө турган «Евразия жумалыгы» IV Эл аралык көргөзмө форумунун көңүл борборунда болот. Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин тышкы иштер министрликтеринин жаш дипломаттарынын бирикмелери менен үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүү үчүн Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) караштуу Жаштар кеңешинин түзүлүшү бул теманы өзгөчө актуалдуу кылууда.