Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Армения Республикасынын Президенти Армен Саркисян евразиялык интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашты
03 Октябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 3-октябрда Ереванда Армения Республикасынын Президенти Армен Саркисян менен жолугушту.

ЕЭК Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин өлкөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө
03 Октябрь | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Латын Америкасынын экономикалык тутумунун (ЛАЭТ) ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында Антигуада (Гватемала) Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин өлкөлөрү жана интеграциялык бирикмелери менен жогорку деңгээлдеги алгачкы биргелешкен иш-чара болуп саналган «Евразия экономикалык бирлиги, Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин мамлекеттери: регионалдык интеграция максатында кызматташтык» форуму өткөрүлдү.

ЖЕЭК мүчөлөрү алып келүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүү ченемдеринин көлөмдөрүн макулдашышты
02 Октябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Экономика жана каржы саясаты

Жогорку Евразия экономикалык кеӊешинин мүчөлөрү 1-октябрда Ереванда (Армения) өткөрүлгөн отурумда алып келүү бажы алымдарынын суммаларын Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ортосунда бөлүштүрүү ченемдеринин көлөмдөрүн макулдашышты.

ЕЭК министри Александр Субботин «күчтүү Бирлик – күчтүү бизнес» концепциясын экономиканын реалдуу секторунда ишке ашыруу жөнүндө айтып берди
02 Октябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Жагымсыз тышкы экономикалык коньюктура жагдайында «күчтүү Бирлик – күчтүү бизнес» балансталган тутумунун алкагында гана өнөр жай кооперациясы, импортту алмаштыруу жана экспорт үчүн, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн керектүү шарттарды түзүү мүмкүн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин «ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана алардын өнөктөштөрүнүн өнөр жайынын экспорттук-импорттук мүмкүнчүлүктөрү Евразия континентинин транзиттик потенциалынын негизи катары» деп аталган панелдик сессияда билдирди. Аталган иш-чара 1-октябрда Ереванда «Евразия континентинин транзиттик потенциалы» Эл аралык форумунун алкагында болуп өттү.

ЕЭК табигый монополиялар жаатындагы улуттук мыйзамдарды жакындатуу боюнча сунуштамаларды даярдамакчы
02 Октябрь | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин табигый монополиялар тармагындагы жөнгө салуучу иш-тажрыйбаларын жана ченемдик базасын талдады жана тутумдаштырды. Табигый монополиялар боюнча консультативдик комитеттин Бишкекте (Кыргызстан) өткөрүлгөн 16-отурумунда каралган изилдөөнүн натыйжалары Евразия «бешилтигинин» өлкөлөрүнүн мыйзамдарын шайкеш келтирүү жана мыктылоо боюнча масштабдуу иштин башаты болуп калмакчы.

ЕАЭБ жана Сингапур Эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюшту
02 Октябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

1-октябрда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отурумунун алкагында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жана Сингапур Республикасынын ортосундагы баарын камтыган соода бүтүмүнүн пакетиндеги алгачкы макулдашууларга кол коюлду. Документтерге Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, Бирликтин өлкөлөрүнүн вице-премьерлери, ошондой эле Сингапурдун ага министри, социалдык жана экономикалык өнүгүү маселелери боюнча министр-координатор Тарман Шанмугаратнам кол коюшту.

ЖЕЭКтин жыйынтыктары: Сингапур менен эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюлду, Жалпы каржы рыногун түзүүнүн концепциясы бекитилди, газды ташуу жана жеткирүү тармагында документтер кабыл алынды
01 Октябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) 1-октябрда Ереванда (Армения) болуп өткөн отурумунда интеграция, эл аралык ишмердик, каржы саясаты, бажылык жөнгө салуу, энергетика тармактарында жана бир катар башка тармактарда маанилүү чечимдер кабыл алынды.

ЕАЭБ эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө: Сингапур менен эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюлду, жакында Иран менен эркин соода зонасын түзүүгө алып барган убактылуу макулдашуу күчүнө кирмекчи
01 Октябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) 1-октябрда Ереванда (Армения) болуп өткөн отурумунда интеграция, эл аралык ишмердик, каржы саясаты, бажылык жөнгө салуу, энергетика тармактарында жана бир катар башка тармактарда маанилүү чечимдер кабыл алынды.

Тигран Саркисян ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлерине Бирликте транспорттук-логистикалык нарктын деңгээлин төмөндөтүү боюнча бир катар кадамдарды ишке ашырууну сунуш кылды
01 Октябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Глобалдык мейкиндикте логистика жана транспорт тармактары ордунда турбастан, революциялык өзгөрүүлөрдү баштан кечирүүдө. Бул багыт Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) үчүн өзгөчө мааниге ээ, жана Бирликте транспорттук-логистикалык тутумду өнүктүрүү үчүн бир нече маанилүү кадамдарды ишке ашыруу зарыл. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 1-октябрда Ереванда «Евразия континентинин транзиттик потенциалы» эл аралык форумунда билдирди.

ЕЭК министри Карине Минасян: «Транспортто «санариптин» өнүгүшү көптөгөн субъектилердин жана санариптик платформалардын максималдуу тең укуктуу интеграциясы менен борборсуздаштырылган сценарий боюнча кетиши зарыл»
01 Октябрь | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Карине Минасян Ереванда башталган «Евразия континентинин транзиттик потенциалы» эл аралык форумунун алкагында өткөрүлгөн «Бирдиктүү Евразия транспорттук-логистикалык тутуму – транзиттик потенциалдын негизи» деп аталган панелдик сессияда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) санариптик транспорттук коридорлорунун экотутумун түзүүнүн негизги идеясы жана ага карата мамилелер тууралуу айтып берди.