Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Тигран Саркисян: «ЕАЭБ жаштарынын Бирликтин бардык өлкөлөрүндө кесиптик жактан калыптанууга мүмкүнчүлүктөрү бар»
27 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 26-сентябрда Кыргыз-Россия Славян университетине (КРСУ) барып, ал жерде КРСУнун ректору Владимир Нифадьев менен жолугушту жана студенттер жана мугалимдердин алдында өзүнүн лекциясы менен чыгып сүйлөдү.

Бишкекте өткөрүлгөн «Евразия жумалыгынын» алкагында «5+1» форматтагы биргелешкен кеӊешмеде чек ара аралык рыноктордо атаандаштыкты коргоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды
27 Сентябрь

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Серик Жумангарин жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин мополияга каршы органдарынын жетекчилери биргелешкен кеӊешмеде чек ара аралык рыноктордо атаандаштыкты коргоо боюнча жаңы чараларды киргизүүнү, роумингдин ыктымалдуу жоюлушун, дары-дармек каражаттары рыногундагы, мамлекеттик сатып алуулар рыногундагы атаандаштык маселелерин, ЕЭКтин ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү талкуулашты.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты
27 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 27-сентябрда Бишкекте (Кыргыз Республикасы) өткөрүлгөн жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигин (ЕАЭБ) өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

ЕЭК ЕАЭБдин экономикасынын реалдуу секторуна инновациялардын киргизилишине түрткү берүүдө
27 Сентябрь

«Дал реалдуу сектордо жогорку технологиялуу жана илим сыйымдуу компетенциялардын концентрациясы байкалууда. Изилдөөлөрдү күчөтүү үчүн мамлекеттер аралык программалар механизми ишке салынды. Өнөр жай кооперациясын мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү, иштеп жаткан өндүрүштөрдүн локалдаштырылышын жогорулатуу активдерди бириктирүү жана евразиялык улуттар аралык компанияларды түзүү аркылуу мүмкүн болмокчу», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин Бишкекте (Кыргызстан) «Евразия жумалыгы» Эл аралык форумунун алкагында өткөрүлгөн «ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай жана агроөнөр жай комплексиндеги биргелешкен программалар жана долбоорлор евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн заманбап тренди катары» деп аталган панелдик сессияда билдирди.

ЕЭК министри Карине Минасян: «Санариптик көзөмөлдөө ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарсыз чөйрөнүн негизи болуп саналган өздүк тартипти жана ишенимди жогорулатат»
27 Сентябрь | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Өз ара соода жүргүзүүдө товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин кыймылы – миф же реалдуулук. Бул тема 26-сентябрда «Евразия жумалыгы – 2019» форумунун алкагындагы «ЕАЭБдин ички рыногу – мифтер жана реалиялар» деп аталган сессияда орун алган дискуссиянын жүрүшүндө талкууланды.

«Евразия жумалыгында» ЕАЭБдин жана Ирандын ишкерлеринин бирикмелери кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту
27 Сентябрь

«Евразия жумалыгы – 2019» IV Эл аралык көргөзмө форумунун аянтчасында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Ишкердик кеңешинин жана Ирандын соода, өнөр жай, тоо-кен казып алуу иши жана айыл чарба боюнча палатасынын ортосундагы Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул иш-чара, анын алкагында ушул жылы ЕАЭБдин жана Ирандын ортосунда эркин соода зонасын түзүүгө алып келген убактылуу макулдашууга кол коюлган, Иран Ислам Республикасы менен ишкердик өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн уландысы болуп калды.

«Евразиялык санариптик платформалар» конкурсунун катышуучулары өз долбоорлорун эл аралык инвесторлорго көрсөтүштү
26 Сентябрь | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

«Евразиялык санариптик платформалар» Эл аралык инновациялык долбоорлор конкурсунун катышуучулары 26-сентябрда Бишкекте «Евразия жумалыгы – 2019» форумунун алкагындагы «IT-Инвестшоуго» чогулган тажрыйбалуу эл аралык инвесторлорго өздөрүнүн иштеп чыгууларын көрсөтүштү.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Анд улуттар коомдоштугунун генералдык катчысы Хорхе Эрнандо Педрас Гутьеррес кызматташтык перспективаларын талкуулашты
26 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Латын Америкасынын эң алгачкы интеграциялык бирикмелеринин бири болуп саналган Анд улуттар коомдоштугунун генералдык катчысы Хорхе Эрнандо Педрас Гутьеррес менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүмелеринин бири болуп саналган Анд улуттар коомдоштугунун генералдык катчысы Хорхе Эрнандо Педра алды.

ЕЭК министри Виктор Назаренко: «Мамлекеттик контролдоо органдарынын төмөн активдүүлүгү ЕАЭБде кооптуу продукция жөнүндө маалымдоо тутумунун киргизилишин басаңдатууда»
26 Сентябрь | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) ички рыногун коопсуз эмес продукциядан коргоонун натыйжалуу тутумун түзүү – Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана мүчө мамлекеттердин негизги милдеттеринин бири. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын мүчөсү (министр) Виктор Назаренко 26-сентябрда Бишкекте «Евразия жумалыгынын» жүрүшүндө «Бирликтин техникалык регламенттерине шайкеш келбеген продукция жөнүндө маалымдоо тутуму» деп аталган тегерек столдо билдирди.

ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө курулуш материалдары тармагында өсүш байкалууда
26 Сентябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

«Акыркы эки жыл ичинде бардык мүчө мамлекеттерде тармактын оң өсүш темптери байкалууда, бул ө​з кезегинде жалпы эле ЕАЭБ боюнча аткарылган курулуш иштеринин темптерине таасир берди», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарев Бишкекте «Евразия жумалыгы» форумунда «Евразиялык интеграциянын алкагында курулуш материалдар өнөр жайын өнүктүрүүнүн перспективалары» деп аталган панелдик сессиянын жүрүшүндө билдирди.