Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБ өлкөлөрү мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы көйгөйлүү маселелер боюнча консультацияларды өткөрүшмөкчү
30 Июнь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын демилгеси боюнча ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин жана Комиссиянын Коллегиясынын мүчөлөрү (министрлер) Серик Жумангариндин жана Гегам Варданяндын Россия Федерациясынын өнөр жай жана соода боюнча министри Денис Мантуров менен видеоконференция режиминдеги жумушчу кеңешмеси болуп өттү.

Михаил Мясникович Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун атынан өткөрүлгөн эртең мененки тамакта катышты
29 Июнь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

26-июнда Москвада Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун атынан өткөрүлгөн 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган эртең мененки тамак болуп өттү.

26-июндан тарта ЕАЭБде, эгер өнүмдөрдү өндүрүүдө гендик-модификацияланган организмдер колдонулган болсо, алар "ГМО" белгиси менен маркаланат
26 Июнь | Техникалык жөнгө салуу

Ушул жылдын 26-июнунан тарта Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө Бирликтин "Тамак-аш продукциясы аны маркалоо бөлүгүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдүн күчүнө кириши боюнча өткөөл мезгилдин аракети аяктады. Аталган өзгөртүүлөр гендик-модификацияланган организмдерди колдонуу менен алынган тамак-аш товарларын "ГМО" белгиси менен маркалоого тиешелүү. Өзгөртүүлөр Комиссиянын Кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы № 90 Чечими менен кабыл алынган жана 2018-жылдын 26-декабрынан тарта күчүнө кирген.

Виктор Назаренко: "Аккредиттөө жана техникалык регламенттердин талаптарынын аткарылышын мамлекеттик контролдоо органдарынын биргелешкен иши ЕАЭБдин рыногун коопсуз эмес продукциядан коргоону күчөтүүгө мүмкүндүк берет"
26 Июнь | Техникалык жөнгө салуу

ЕАЭБ мамлекеттеринин аккредиттөө боюнча органдарынын Жетекчилер кеңешинин Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко катышкан төртүнчү отурумунда Евразия экономикалык бирлигинде шайкештикти баалоо жаатындагы аккредиттөөнүн мыктыланышын эске алуу менен ички рынокту коопсуз эмес товарлардан коргоонун перспективалары талкууланды.

Бирликтин ичүүчү сууга жана балдардын оюн аянчталары үчүн жабдууларга карата техникалык регламенттеринин өткөөл жоболорунун мөөнөттөрү узартылды
25 Июнь | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы, коронавирустук инфекциянын таралышынан улам ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү чектөөчү иш-чараларды эске алуу менен, техникалык жөнгө салуу жаатындагы бир катар ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизди.

ЕАЭБдин жалпы каржы рыногундагы чек ара аралык кредиттөө бир кыйла жеткиликтүү болмокчу
23 Июнь | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ЕАЭБде Кредиттик таржымалдардын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашуунун аягына чыгара иштелип чыккан долбоорун жактырды.

ЕАЭБдин жалпы каржы рыногундагы чек ара аралык кредиттөө бир кыйла жеткиликтүү болмокчу
23 Июнь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча 24-июнда 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парадда катышмчакчы.

ЕАЭБде Интернеттеги интеллектуалдык менчик укуктарын бузуулар менен күрөшүү боюнча макулдашылган мамилелер иштелип чыкмакчы
22 Июнь | Экономика жана каржы саясаты

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыков ЕЭКтин штаб-квартирасында өткөрүлгөн интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитеттин натыйжалары боюнча билдирди.

Айыл чарба продукциясын темир жол менен Кытайга жеткирүү түйүнү бүткүл ЕАЭБге кеңейтилиши мүмкүн
22 Июнь | Соода

Айыл чарба продукциясын темир жол менен КЭРге жеткирүү түйүнү бүткүл Евразия экономикалык бирлигине кеңейтилиши мүмкүн. Мүчө мамлекеттер менен бул мүмкүнчүлүктү иштеп чыгуу Евразия экономикалык комиссиясынын «Россия темир жолдору» ААК (РЖД) менен өз ара аракеттенүүсүнүн "жол картасына" киргизилген. Аталган документ ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёвдун "РЖДнын" башкы директору – башкармасынын төрагасы Олег Белозёров менен жолугушуусунун жүрүшүндө бекитилди.

ЕЭКтин электроэнергетика боюнча Консультативдик комитети ЕАЭБдин жалпы электроэнергия рыногун түзүү боюнча "жол картасын" деталдаштырды
22 Июнь | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык бирлигинин беш өлкөсүнүн жалпы электроэнергия рыногун (ЖЭР) түзүү боюнча иш-чаралардын "жол картасы" электроэнергетика боюнча Консультативдик комитеттин 13-чү отурумунда бекитилди. Анда жалпы рынокту түзүү боюнча иштин орто аралык баскычтары такталып, деталдаштырылат. Коронавирустук инфекциянын таралышынын алдын алуу боюнча чаралардан улам бетме-бет эмес режимде өткөрүлгөн иш-чаранын протоколуна ЕЭК Коллегиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү (министр) Эмиль Кайкиев кол койду. Ошентип, ЕАЭБдин жалпы электроэнергия рыногун түзүү боюнча иш улантылууда, ал 2025-жылдын 1-январынан калбай иштеп баштоого тийиш.