Sign In
Казакстан Республикасы тарабынан айрым товарларлы чыгарууга тыюу салууну киргизүү маселеси боюнча консультациялар ЕЭКте өткөрүлөт

Казакстан Республикасы тарабынан айрым товарларлы чыгарууга тыюу салууну киргизүү маселеси боюнча консультациялар ЕЭКте өткөрүлөт

12-январда видеоконференция режиминде Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын кызыкдар департаменттеринин катышуусу менен консультацияларды өткөрүү пландаштырылат.

Талкуунун жүрүшүндө Казакстан Республикасы тарабынан анын аймагынан регенерациялануучу кагазды, картонду, макулатураларды жана калдыктарды, ошондой эле бодо малдын терисин чыгарууга тыюу салуу киргизүүсүнө байланыштуу маселелер каралат.​