Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян: «Индия абдан чоң рынок болуп саналат, биздин ишканалар ал жерде кененирээк жайылгылары келет»

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян: «Индия абдан чоң рынок болуп саналат, биздин ишканалар ал жерде кененирээк жайылгылары келет»

01.03.19
1-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын Индия Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Д. Бала Венкатеш Варма менен жолугушуусу болуп өттү.

«Индиянын экономикалык өнүгүүсү чынында эле абдан таасирлентет. Биз өлкөнүн туруктуу өнүгүшү анын дүйнөлүк экономикадагы позициясын сапаттуу өзгөртөт деп болжойбуз. Индия абдан чоң рынок болуп саналат, биздин ишканалар ал жерде кененирээк жайылгылары келет. Ошондой эле, биз индиялык ишкерлердин ЕАЭБдин рынокторунда көбүрөөк активдүү болушуна кызыкдарбыз», – деди Тигран Саркисян. Бул үчүн келишип алуу керек. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын айтуусу боюнча, тараптар диалогду, анын ичинде Индия жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин ортосунда эркин соода зонасын түзүү жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча диалогду активдештирүүгө даяр.

Ошондой эле, Тигран Саркисян өлкөлөр ортосундагы соода жана экономикалык кызматташтыкты илгерилетүү үчүн долбоорлорду талкуулого бизнести азыртан эле көбүрөөк тартуу керек экендигин белгиледи.
 
Жолугушуунун жүрүшүндө Индиянын элчиси индиялык тарап ЕАЭБ менен макулдашуунун жакынкы убакта түзүлүшүнө кызыкдар экендигин баса белгиледи. Венкатеш Варма Индия ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү менен өтө динамикалуу жана оң кызматташтыкта экендигин, ал эми мамилелердин улуттук деңгээлде институтташтырылышы соода жана экономикалык байланыштардын өсүшүнө өбөлгө түзөөрүн айтып өттү.

Коллегиянын Төрагасы Тигран Саркисян, тараптардын сүйлөшүүлөрүн колдоо максатында, ишкердик коомдоштуктардын ортосундагы диалог үчүн кошумча аянтчаларды түзүүгө болоорун айтты. Учурда мындай аянтча ушул жылдын сентябрь айында Владивосток шаарында Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин катышуусунда болуп өтө турган Чыгыш экономикалык форуму болушу мүмкүн. Индиянын элчиси бул сунушту колдоду жана аны индиялык тарап менен активдүү иштеп чыгууга даярдыгын билдирди.


Маалымат

2018-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Индия менен товар жүгүртүүсү 2017-жылга салыштырмалуу 17,7% га жогорулады, Индиянын тышкы соода жүгүртүүдөгү үлүшү 0,02 пп төмөндөдү. 2018-жылы Индия менен товар жүгүртүүнүн өсүшү ЕАЭБдин бардык мүчө мамлекеттеринде байкалды. Товар жүгүртүүнүн өсүшүнүн эң жогорку темптери Армения (58%) жана Казакстанда (26,5%), ал эми эң аз темптери – Беларуста байкалды (3,9%). Кыргызстандын жана Россиянын Индия менен соода көлөмү тиешелүүлүгүнө жараша 15,2% жана 17,3%га жогорулады.