Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башкы санитардык дарыгерлери эл аралык транспорттук каттамдарды кайра баштоонун перспективаларын карап чыгышты

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башкы санитардык дарыгерлери эл аралык транспорттук каттамдарды кайра баштоонун перспективаларын карап чыгышты

01.07.20

Бирликтин калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңеши Минскте ЕАЭБ өлкөлөрүндө эл аралык транспорттук каттамдарды кайра баштоонун перспективаларын жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумуна даярдыктын эпидемияга каршы аспектилерин карап чыгышты.

Отурумдун катышуучулары Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте мүчө мамлекеттердин ортосундагы эл аралык транспорттук каттамдарды кайра баштоого карата мамилелерди аныктоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууну пландаштырып жаткандыгын белгилешти. Эл аралык каттамдарды кайра баштоо мүмкүнчүлүгү Бирликтин өлкөлөрүндөгү эпидемиологиялык жагдайга жараша аныкталмакчы.

Ушул жылдын 17-июлунда Минскте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумун бетме-бет форматында өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу Беларусь Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматы COVID-19 коронавирустук инфекциясынын таралышын болтурбоо боюнча даярдык иштерди жүргүзүүдө. Бирликтин өлкөлөрүнүн коопсуздук кызматтары тарабынан даярдалган, алдын алуу чараларын сактоо жөнүндө документтерди өз ара таануу каралмакчы.

Ошондой эле, Бирликтин өлкөлөрүндө коронавирустук инфекциянын жана башка инфекциялык оорулардын таралышынын алдын алуу боюнча саламаттыкты сактоо жана санитардык-эпидемиологиялык саламаттык жаатындагы иш-чаралардын комплекстүү планы талкууланды. Аталган документти ушул жылдын 10-июлунда ЕЭК Кеңешинин отурумунда жана 17-июлда ЕӨАКтын отурумунда кароо пландаштырылууда.

Маалымат

ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңеши Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2016-жылдын 31-майындагы № 9 Чечими менен түзүлгөн.