Sign In
ЕАЭБде автомобилди өз алдынча кайра жасоого контроль күчөтүлүп жатат

ЕАЭБде автомобилди өз алдынча кайра жасоого контроль күчөтүлүп жатат

01.08.18
Жол кыймылынын коопсуздугу жана автотранспорт каражаттарын каттоо үчүн жооптуу болгон улуттук органдардын өкүлдөрү Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн автомобиль жолдорундагы коопсуздукту жогорулатуу маселелерин талкуулады. 31-июлда Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) өткөн кеңешмеде, атап айтканда, чыгарылып жаткан автолордун конструкциясын өркүндөтүү, машиналардын колдонулуп жаткан паркына, анын ичинде аларды кайра жабдууда талаптарды күчөтүү келечектери каралды.

Кеңешмеге ошондой эле мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө), аккредиттөө, стандартташтыруу менен байланышкан кызыкдар ведомстволордун, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин илим-изилдөө институттарынын жана бизнес-жамааттарынын өкүлдөрү катышышты.

«Талкууланып жаткан тема Комиссиянын жумушчу күн тартибинин маанилүү бөлүгү болуп саналат, – деп баса белгиледи ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директорунун орун басары Вячеслав Бурмистров. – Сөз иш жүзүндө биздин өлкөлөрүбүздүн көптөгөн жарандарынын өмүрү жана ден соолугу жөнүндө жүрүп жатат. 2017-жылы Россияда гана жол-транспорт кырсыктарынан 19 миң адам каза болду, ага ар кандай техникалык бузулуулар, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарын бузуу себеп болду».

Вячеслав Бурмистров ушул базалык техрегламенттен тышкары Бирликте Комиссия мүчө мамлекеттер менен бирдикте даярдаган бүтүндөй бир катар документтер иштеп жатат деп белгиледи. Алардын талаптарын бардыгы: автомобилдерге жол кыймылына катышууга жол бергендиги үчүн жооптуу контролдоочу органдар, ошондой эле транспорттун ээлери так аткарышы гана керек. Акыркылар, мисалы, жол-транспорт кырсыгынын учурунда тең экиге бөлүнүп калуучу кесип жасалган автомобилдерди сатып алышат же коммерциялык пайданы жогорулатуу үчүн салондоруна кошумча жүргүнчү креслолорду орнотуп алышат. Мунун баары жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө зор тобокелдиктерди келтирет.

ЕЭКтин өкүлдөрү жол коопсуздугун жогорулатуу жана каттоочу органдардын кызматкерлеринин ишин жеңилдетүү үчүн Комиссия электрондук автопаспорттор тутумун киргизүү, ошондой эле автомобилдерди каттоо менен байланышкан процесстерди автоматташтыруу жагынан иштеп жатканын билдиришти. Быйылкы жылы эле авто боюнча ишенимдүү электрондук маалымат базаларын түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болот, алар бүткүл Бирлик үчүн бирдиктүү форматка ээ болот жана реалдуу убакыт режиминде жаңыланып турат.

Иш-чаранын катышуучулары ЕАЭБдин техникалык регламентинин милдеттүү талаптарына шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди жол-жоболоштурууну ишке  ашырган сыноо жүргүзүү лабораторияларынын ишине контролдук кылуу боюнча улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү зарылчылыгы тууралуу макулдашышты. Бул жолдордо кооптуу транспорт каражаттарынын пайда болушунун учурларынын алдын алуу үчүн зарыл.

Интеграциялык биригүү өлкөлөрүнүн өкүлдөрү пайдалануудагы автомобилдердин конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү, бул чөйрөдө контролду күчөтүү маселелерин, ошондой эле конструкцияга өзгөртүүлөрдү киргизип жаткан уюмдарга контролду белгилөө, андан соң автомобилдердин коопсуздугун текшерүү мүмкүнчүлүгүн карады.

Даярдоочу заводдордун газ-баллон жабдууларына документтерди жол-жоболоштурууга тиешелүү Комиссиянын актыларын өзгөртүү зарылчылыгы белгиленди. Бул өндүрүүчүлөрдүн ишин жөнөкөйлөтөт.

Кеңешменин катышуучуларынын жалпы пикири боюнча, ЕАЭБ мамлекеттеринде жол кыймылынын коопсуздугунун маселелерин биргелешкен талкуулоо ушул чөйрөдөгү өзөктүү багыттар боюнча позицияларды жакындатууга мүмкүндүк берет. Ошондуктан, Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында ушундай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу чечими кабыл алынды.