Sign In
ЕЭК министри Виктор Назаренко: «Техникалык жөнгө салуу – ЕАЭБдин транзиттик потенциалын күчөтүүнүн негизги аспаптарынын бири»

ЕЭК министри Виктор Назаренко: «Техникалык жөнгө салуу – ЕАЭБдин транзиттик потенциалын күчөтүүнүн негизги аспаптарынын бири»

IGZC2622.JPG
01.10.19

​«Продукция боюнча шайкеш келтирилген шарттарга өтүү жана рынокко кирүүгө уруксат берүү жол-жоболорун таануу Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) транзиттик потенциалын күчөтөт», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко Еревандагы (Армения Республикасы) «Евразия континентинин транзиттик потенциалы» Эл аралык форумунда билдирди.

Аталган иш-чаранын алкагында Бирликтин укуктук тутумунун транзиттик потенциалды өнүктүрүүдөгү ролу талкууланды: транспорт саясаты, бирдиктүү транзиттик тутум, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жайынын экспорттук-импорттук мүмкүнчүлүктөрү жана тоскоолдуктарсыз чөйрөнү түзүү боюнча. Форумда ЕЭКтин министрлери жана кызмат адамдары, Бирликтин өлкөлөрүнүн бийлик органдарынын жетекчилери, бизнестин өкүлдөрү жана башкалар катышышты.

«Бирдиктүү Евразия транспорттук-логистикалык тутуму – транзиттик потенциалдын негизи» деп аталган панелдик сессиянын жүрүшүндө катышуучулар транзиттик потенциалды өнүктүрүү үчүн техникалык жөнгө салуу аспаптарын колдонуунун перспективаларына өзгөчө көңүл бурушту. Виктор Назаренко ЕАЭБде техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү тутумунун негизги аспаптары, соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жоюу үчүн шарттарды түзүүдө жана ички рынокту коопсуз эмес продукциядан коргоодо алардын орду жана ролу тууралуу айтып берди.

ЕЭК министри Евразия экономикалык бирлиги Вьетнам, Иран, Кытай менен түзүлгөн макулдашуулардын алкагында үчүнчү өлкөлөр менен соода мамилелерин активдүү өнүктүрүүдө деп белгиледи, жакында эркин соода жөнүндө бир катар жаңы макулдашуулар түзүлмөкчү. «Бүгүнкү күндө биз үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соода жүргүзүүдөгү техникалык тоскоолдуктарды жоюунун тартиби жана шарттары жөнүндө макулдашууга кол коюлушун тездетүүбүз зарыл, ал ЕАЭБдин жана үчүнчү өлкөлөрдүн аймагында товарлардын тоскоолдуктарсыз кыймылын камсыз кылуунун натыйжалуу механизмин орнотот», – деп ишенет Виктор Назаренко.

ЕЭК министринин пикири боюнча, Бирликтин жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна продукциянын өз ара киргизилишин камсыз кылуу үчүн, жакынкы убакта, аларга карата техникалык тоскоолдуктар жоюла турган продукциянын тизмектерин, мындай продукцияга карата шайкеш келтирилген талаптарды белгилөөчү документтерди аныктоо, ошондой эле мындай продукциянын шайкештигин баалоо боюнча органдарды дайындоо зарыл, аталган баалоонун жыйынтыктары Бирликтин мүчө мамлекеттери жана ЕАЭБдин соода өнөктөштөрү тарабынан өз ара таанылат.

«Ошентип, Бирликтин өндүрүүчүлөрү продукцияны чет өлкөлөрдүн рынокторуна экспорттоодо бир кыйла жагымдуу шарттарды алышат, ал эми керектөөчүлөр – коопсуз, сапаттуу жана арзан товарларды алышат», – деди Виктор Назаренко.​