Sign In
ЕЭК министри Карине Минасян: «Транспортто «санариптин» өнүгүшү көптөгөн субъектилердин жана санариптик платформалардын максималдуу тең укуктуу интеграциясы менен борборсуздаштырылган сценарий боюнча кетиши зарыл»

ЕЭК министри Карине Минасян: «Транспортто «санариптин» өнүгүшү көптөгөн субъектилердин жана санариптик платформалардын максималдуу тең укуктуу интеграциясы менен борборсуздаштырылган сценарий боюнча кетиши зарыл»

ЦТК_ЕРЕВАН_2019_30.09.jpeg
01.10.19

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Карине Минасян Ереванда башталган «Евразия континентинин транзиттик потенциалы» эл аралык форумунун алкагында өткөрүлгөн «Бирдиктүү Евразия транспорттук-логистикалык тутуму – транзиттик потенциалдын негизи» деп аталган панелдик сессияда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) санариптик транспорттук коридорлорунун экотутумун түзүүнүн негизги идеясы жана ага карата мамилелер тууралуу айтып берди.

«Транспортто «санариптин» өнүгүшү көптөгөн субъектилердин жана санариптик платформалардын максималдуу тең укуктуу интеграциясы менен борборсуздаштырылган сценарий боюнча кетиши зарыл, – деп ЕЭК министри баса белгиледи. – Маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн бирдиктүү стандарттарын иштеп чыгууда, экотутумдун катышуучуларына талаптарды аныктоодо жана аталган талаптардын алкагында алардын жандуу атаандаштыгын камсыз кылууда мамлекеттердин ролу жана жөнгө салуусу жеткиликтүү жана зарыл болуп саналат».

Панелдик сессияда талкууланган негизги темалар: транспортту жана логистиканы санариптештирүү, ошондой эле жеткирүүлөрдүн транспорттук-логистикалык чынжырларында өтмө санариптик технологияларды ЕАЭБдин транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүүнүн негизги фактору катары колдонуу.

Ошондой эле, панелдик сессияда Армения Республикасынын жогорку технологиялуу өнөр жай министри Акоп Аршакян, ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко, Армениянын Өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин президенти Арсен Казарян, «БАМАП» эл аралык автомобилдик ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Николай Боровой, «Бириккен транспорттук-логистикалык компания – Евразия темир жол альянсы» АКнын башкы директору, башкармасынын төрагасы Алексей Гром, «Санариптик логистика» ЖЧК башкы директору Александр Кочуков катышышты.

Талкуунун катышуучулары транспорт тармагындагы биргелешкен евразиялык санариптик долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарлыгы жөнүндө билдиришти, ЕАЭБдин деңгээлинде чечүүнү талап кылган маселелер тууралуу айтып беришти жана транспорт-логистика комплексиндеги санариптик өзгөрүүлөрдү натыйжалуулукту жогорулатуунун негизги аспабы катары гана эмес, учурдагы тоскоолдуктарды, бөгөттөрдү жана чектөөлөрдү жоюунун механизми катары да колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.​