Sign In
ЖЕЭКтин жыйынтыктары: Сингапур менен эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюлду, Жалпы каржы рыногун түзүүнүн концепциясы бекитилди, газды ташуу жана жеткирүү тармагында документтер кабыл алынды

ЖЕЭКтин жыйынтыктары: Сингапур менен эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюлду, Жалпы каржы рыногун түзүүнүн концепциясы бекитилди, газды ташуу жана жеткирүү тармагында документтер кабыл алынды

01.10.19

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) 1-октябрда Ереванда (Армения) болуп өткөн отурумунда интеграция, эл аралык ишмердик, каржы саясаты, бажылык жөнгө салуу, энергетика тармактарында жана бир катар башка тармактарда маанилүү чечимдер кабыл алынды.

 

ЖЕЭК мүчөлөрү Евразия экономикалык бирлигинин жалпы каржы рыногун түзүүнүн концепциясын бекитишти. Мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнө жана улуттук (борбордук) банктарына документтин ишке ашырылышын камсыз кылуу тапшырылды. Концепция Бирлик өлкөлөрүнүн улуттук (борбордук) банктары жана каржы-экономика блогунун министрликтери тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы менен биргеликте иштелип чыкты. Концепция ЕАЭБдин жалпы рыногун жөнгө салуучу эл аралык макулдашуулардын долбоорлорун даярдоо боюнча ишти тутумдаштырды. Анда жалпы каржы рыногун түзүүнүн багыттары, Бирликтин жалпы каржы рыногун түзүүнүн багыттарын ишке ашыруунун жана аны өнүктүрүүнүн баскычтары аныкталган.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөлөрү Евразия экономикалык бирлигинин эл аралык ишмердигинин 2020-жылга карата негизги багыттарын жактырышты.

Документте үчүнчү өлкөлөр, регионалдык интеграциялык бирикмелер жана эл аралык уюмдар менен буга чейин түзүлгөн кызматташуу механизмдери көрсөтүлгөн, ошондой эле Бирлик алар менен байланыштарды тереңдетүүгө умтулган, потенциалдуу перспективдүү өнөктөштөр аныкталган.

Приоритеттүү багыттардын катарында – КМШ катышуучу-мамлекеттери менен кызматташтыкты тереңдетүү, Европа бирлиги, ШКУ, АСЕАН, АТЭК менен системалуу диалог түзүү. Алар менен өз ара аракеттенүү өз ара экономикалык кызыкчылыкка ээ болгон үчүнчү өлкөлөр, регионалдык интеграциялык бирикмелер жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты тереңдетүү ЕАЭБ үчүн 2020-жылдагы дагы бир маанилүү трек болмокчу. Мүчө мамлекеттердин экспорттоочуларынын Бирликтин мамлекеттеринин товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү анча таанымал эмес болгон үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторунда болушун кеӊейтүү – ЕАЭБдин эл аралык ишмердигинин кийинки жылга карата дагы бир максаты.

Аталган багыттарды өнүктүрүүнүн аркасында Евразия экономикалык бирлиги мүчө мамлекеттердин ортосундагы да, чет элдик өнөктөштөр менен да кызматташтык үчүн даяр болгон, заманбап дүйнөнүн эң маанилүү өнүгүү борборлорунун бирине айланууга тийиш. Бул негизги факторлордун ишке ашырылышы экспорттун географиясын кеңейтүүгө жана анын көлөмдөрүн чоңойтууга, мүчө мамлекеттердин чарба жүргүзүүчү субъектилеринин эл аралык өндүрүштүк чынжырларга киришине, жаңы кооперациялык байланыштарды түзүүгө, чет өлкөлүк инвестицияларды жана технологияларды тартууга өбөлгө түзөт. Ошентип, «интеграциялардын интегарциясы» идеясы өнүгүп, Чоң Евразия мейкиндиги калыптанмакчы. Мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү, чарба жүргүзүүчү субъектилердин ортосунда кооперациялык байланыштарды түзүү жана Бирликтин өлкөлөрүнүн инвестициялык жана инновациялык потенциалдарын бириктирүүдөн улам синергетикалык таасирге жетүү максатында ЖЕЭК мүчөлөрү «Евразия жумалыгы» форумун Евразия экономикалык форумуна өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алышты.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги отурумуна арналган бул иш-чара жыл сайын ЕАЭБдин органдарында төрагалык кылган мамлекетте өткөрүлөт. Форумда чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, ишкердик коомдоштуктардын, илимий жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышмакчы.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө Бирлик жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган Протоколго кол коюлду.

Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, аванстык төлөмдөрдү алып келүү бажы алымдарын, ошондой эле атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды төлөөнүн эсебине киргизүү мүмкүнчүлүгү белгиленди. Мурда бул төлөмдөрдү төлөө үчүн тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучусу аванстык төлөм катары төккөн акча каражаттарын колдонуу мүмкүн эмес болчу. Бирлик жөнүндө келишимге киргизилген бул өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин бажылык жана башка төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн аванстык төлөмдөрдөн төгүү мүмкүн болот. Бул түзөтүүлөр ТЭИнин катышуучуларынын чыгымдарын азайтууга жана алып келүү бажы алымдарын жана башка төлөмдөрдү тескөө-башкарууну жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет деп болжолдонууда. Өзгөртүүлөр Бирликтин бардык өлкөлөрү аталган протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандан кийин күчүнө кирет.

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши ЕЭКтин Иш регламентине өзгөртүүлөрдү киргизди.

Буга ушул жылдын май айында Бирликтин өлкөлөрүнүн президенттери ЕАЭБдин бажы аймагына алып келинген товарларды көзөмөлдөө механизми жөнүндө макулдашууга кол койгондугуна байланыштуу Комиссиянын жаңы ыйгарым укуктары пайда болгондугу себеп болууда. Өзгөртүүлөргө ылайык, бир катар маселелер боюнча чечимдерди ЕЭК Кеңеши кабыл алмакчы. Алардын катарында – көзөмөлдөөгө жаткан товарлардын тизмегин бекитүү; товарларга карата көзөмөлдөө жүргүзүлбөгөн учурларды аныктоо; товарлар жөнүндө маалыматтарды улуттук көзөмөлдөө тутумдарына киргизүү, ошондой эле мындай маалыматтарды тутумдарда сактоо мөөнөттөрүн аныктоо. Мындан сырткары, ЕЭК Кеңеши товар жүгүртүүнү ишке ашырган жактар товарды коштоочу документтерди электрондук түрдө жол-жоболоштурууга милдеттүү эмес болгон учурларды аныктайт; көзөмөлдөө механизмин аракетке киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрүн жана шарттарын белгилейт ж.б. Макулдашууну ишке ашырууга байланыштуу маселелердин бир бөлүгүн кароо ЕЭК Коллегиясына тапшырылды. Эскерте кетсек, ЕАЭБдин бажы аймагына алып келинген товарларды көзөмөлдөө механизми жөнүндө макулдашуу аталган механизмдин иштөө тартибин аныктайт. Анын негизинде – Бирликтин ар бир өлкөсүндө көзөмөлдөө үчүн керек болгон маалыматтарды товарларды коштоочу документтерден топтогон маалыматтык тутумду түзүү аркылуу товарларды документтик түрдө эсепке алуу жатат.

ЖЕЭК мүчөлөрү «Газды мүчө мамлекеттердин ортосунда ташуу жана жеткирүү тармагындагы ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө» тескемесинин долбоорун жактырышты.

2018-жылдын декабрь айында ЖЕЭКтин чечими менен кабыл алынган Евразия экономикалык бирлигинин жалпы газ рыногун түзүү программасында жана аны түзүү боюнча иш-чаралардын планында 2019-жылы мүчө мамлекеттердин бул тармактагы шайкеш келтирүүгө жаткан ченемдик укуктук актыларынын тизмегин даярдоо жана шайкеш келтирүү принциптерин аныктоо каралган. Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин тескемеси зарылчылыкка жараша жана Бирликтин жалпы газ рыногун түзүүгө тиешелүү актылардын иштелип чыгышына жараша, мүчө мамлекеттердин сунуштарынын негизинде газды ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда ташуу жана жеткирүү жаатындагы шайкеш келтирүүгө жаткан улуттук ченемдик укуктук актыларды даярдоону караштырат. Ошондой эле, документ мүчө мамлекеттердин бул тармактагы мыйзамдарын шайкеш келтирүү принциптерин аныктайт.

Комиссиянын Коллегиясынын курамындагы жаңы адам интеграция жана макроэкономика боюнча министрдин кызматына Татьяна Валоваянын (Россия) ордуна дайындалган Сергей Глазьев (Россия) болмокчу. Буга чейин Сергей Глазьев Россия Федерациясынын Президентинин кеңешчиси кызматын ээлеп келген.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кийинки отуруму декабрь айында Санкт-Петербургда өткөрүлмөкчү.​