Sign In
ЕЭК Кеңеши ЕАЭБде макроэкономикалык саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды бекитти

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБде макроэкономикалык саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды бекитти

01.10.20
 

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 1-октябрда өткөрүлгөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин макроэкономикалык саясатынын 2020–2021-жылдарга карата негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитти.  

План үч багытты камтыйт: макроэкономикалык туруктуулукту сактоо, инвестициялардын өсүшү жана Бирликтин илимий-технологиялык жана өндүрүштүк потенциалын өнүктүрүү үчүн чаралар, ошондой эле экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана өз ара сооданы активдештирүү.

Планга киргизилген иш-чаралардын ишке ашырылышы мамлекеттерде баалардын стабилдүүлүгүн сактоого, жумуш орундарын сактоого жана калктын кирешелерин көбөйтүүгө жардам берет, ошондой эле коронавирустук инфекциянын таралышынан улам экономикалык кесепеттерди жумшартууга өбөлгө түзөт.