Sign In
ЕЭК Кеңеши Стратегиялар-2025 долбоорунун дагы 28 пунктун макулдашты

ЕЭК Кеңеши Стратегиялар-2025 долбоорунун дагы 28 пунктун макулдашты

01.10.20
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 1-октябрдагы отурумунда евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын долбоорунун кем жерлерин иштеп чыгуунун жүрүшүн карап чыкты.

Буга чейин Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин башчылары документти жалпысынан жактырып, катышуучу өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө анын кем жерлерин иштеп чыгууну тапшырган эле.

ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев билдиргендей, тараптарда алар боюнча келишпестиктер сакталган 28 пункт боюнча консенсуска жетишилди. Калган позициялар 9-октябрда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кароосуна чыгарылмакчы.

Стратегиялык документти Бирликтин мамлекеттеринин башчыларынын деңгээлинде бекитүү каралган.

Маалымат

Стратегиялык багыттар жалпы (концептуалдык) жоболордон жана 11 тутумдук блокторго топтолгон жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларациянын жоболорун ачып көрсөткөн 330 чара жана механизмдерден турат.

· товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн жалпы рынокторун түзүүнү аяктоо;

· ЕАЭБдин жалпы рыногун жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;

· бажылык жөнгө салуунун жана тескөө-башкаруунун сапат жагынан бир кыйла жогорку деңгээлине өтүү;

· товарлардын сапатына жана коопсуздугуна кепилдикти камсыз кылуу;

· ЕАЭБдин жалпы санариптик мейкиндигин түзүү;

· экономикалык өнүгүүгө максаттуу көмөк көрсөтүүнүн механизмдерин түзүү;

· биргелешкен кооперациялык долбоорлорду башкаруу тутумун түзүү, жогорку өндүрүмдүү секторлорду өнүктүрүү;

· илимий-техникалык прогрессти демилгелөө;

· ЕАЭБдин институттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу;

· билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм жана спорт чөйрөсүндөгү кызматташтыктын механизмдерин жайылтуу;

· ЕАЭБдин заманбап дүйнөнүн эң маанилүү өнүгүү борборлорунун бири катары калыптануусу. ​