Sign In
Евразия экономикалык комиссиясынын Маалыматтык технологиялар департаментинин директору болуп Вардан Аветисян дайындалды

Евразия экономикалык комиссиясынын Маалыматтык технологиялар департаментинин директору болуп Вардан Аветисян дайындалды

01.10.20
Вардан Александрович Аветисян 1982-жылдын 19-августунда Ереванда (Армения Республикасы) төрөлгөн.

2008-жылы Армениянын Мамлекеттик инженердик университетин "инженерия" адистиги боюнча бүтүргөн.

Маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө көп жылдык кеңири иш тажрыйбасы бар. Алсак, 2000-жылдын сентябрынан 2003-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик инженердик университетте (Ереван) иштеген. 2005-жылдын декабрынан 2020-жылдын мартына чейин "АКБА-Кредит Агрикол Банк" ЖАКта (Ереван) маалыматтык коопсуздук менен байланыштуу ар кандай кызматтарда иштеген. 2020-жылдын март айынан сентябрь айына чейин Армениянын Мамлекеттик бажы комитетинде заманбап программалык тутумдарды киргизүү менен алектенген "Вебб Фонтен холдинг" компаниясында (Ереван) ушул эле чөйрөдө иштеп чыгууларды алып барган. 

Ушул жылдын 1-октябрынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Маалыматтык технологиялар департаментинин директору болуп дайындалды. ​