Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Молдова менен товар жүгүртүүсү үч жылдын ичинде 34%га өстү

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Молдова менен товар жүгүртүүсү үч жылдын ичинде 34%га өстү

01.10.20
Евразия экономикалык бирлигинин жана Молдова Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү өзүнүн натыйжаларын берүүдө: 2016-2019-жылдардын ичинде товар жүгүртүү 34,4%га өсүү менен, 1,9 млрд АКШ долларына жеткен. Экспорт 36,5%га, 1,4 млрд долларга чейин өскөн, ал эми импорт – 29%га, 481,5 млн долларга чейин. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев 1-октябрда Россия-Молдова соода-экономикалык кызматташтык форумунда билдирди.​


Сергей Глазьев белгилеп өткөндөй, Молдованы жана ЕАЭБ өлкөлөрүн өзгөчө мамилелер байланыштырып турат. 2017-жылы кызматташтык жөнүндө меморандум түзүлгөн, ал эми 2018-жылы Молдова ЕАЭБдин алдындагы байкоочу статусун алган. Учурда өлкөлөр кызматташтыкты кантип кеңейтүү керектиги жөнүндө ойлонушу зарыл.

"Молдованын экономикасы агрардык экономика катары кабыл алынат, бирок бул андай эмес. Кишинёвдо совет мезгилинде эле ири прибор куруучу кубаттуулуктар түзүлгөн. Илимий-техникалык потенциал сакталып келет, аны активдештирүү боюнча пландар бар. Заманбап илим сыйымдуу өндүрүштөрдү түзүү боюнча биргелешкен иш-аракеттерди жасоо чекиттерин тапсак болот",
 – деди Сергей Глазьев.

Ал товар жүгүртүүнүн негизин түзгөн "жөнөкөй" продукция менен өз ара соода жүргүзүү өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн аягына жетүүсүнө жакын калды деп белгиледи.

"Молдованын айыл чарба багытында адистешүүсү – бул кемчилик эмес. Биз баарыбыз тамак-аш азыктарынын импортунан олуттуу деңгээлде көз карандыбыз. Мисалы, биз балдар үчүн тамак-аш азыктарын, жашылча консерваларын импорттойбуз – бул жерде биргелешкен өндүрүштөр үчүн орун бар экендиги айкын. Биз, өз кезегибизде, Молдовага энергия алып жүрүүчүлөрдү жеткиребиз. Аларды кайра иштетүү жана химиялык чийки зат катары пайдалануу да Европа бирлигине экспорттоого багытталган биргелешкен өндүрүштөрдү түзүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет", – деп Сергей Глазьев баса белгиледи.

ЕЭК министри евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын долбоору өндүрүштөрдүн кооперациясын кеңейтүү зарылчылыгын приоритет катары аныкташына көңүл бурду. ЕАЭБдин алкагында кооперациялык жеткирүүлөрдүн үлүшү өз ара сооданын үчтөн бирин түзөт.

"Стратегиялар-2025 долбоорунун алкагында биз инфраструктураны өнүктүрүү боюнча биргелешкен программаларды түзүү, илимий-техникалык өнүгүүнүн жалпы приоритеттерин түзүү, инновациялык долбоорлорду иштеп чыгуу сыяктуу багыттарды жайылтууга киришүүдөбүз. Биз бул иште байкоочу мамлекетибиздин активдүү катышуусун күтөбүз",
 – деп Сергей Глазьев корутундулады.

Маалымат

ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусу Молдова Республикасына 2018-жылдын 14-майында Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан ыйгарылган. Бул статус өлкөгө чакыруу боюнча ЕАЭБ органдарынын отурумдарында чечимдерди кабыл алууда катышуу укугусуз катышуу, ошондой эле органдар тарабынан кабыл алынган, купуя маалыматтарды камтыбаган документтерди алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Молдованын Өкмөтүнүн ЕЭКтеги Ыйгарым укуктуу Өкүлү – Оксана Гречаный.​