Sign In
Гоар Барсегян: "Пандемия интеграциялык бирикмелердин деңгээлиндеги координацияланган аракеттердин зарылчылыгын көрсөттү"

Гоар Барсегян: "Пандемия интеграциялык бирикмелердин деңгээлиндеги координацияланган аракеттердин зарылчылыгын көрсөттү"

01.10.20
29-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясы жана АСЕАНдын Катчылыгы "ЕАЭБ-АСЕАН: каатчылык шарттарында интеграциялык өнүгүүнү колдоо үчүн өлкөлөрдүн ийкемделүү механизмдери" деп аталган тегерек столду өткөрүштү. Талкуунун модератору ЕЭКтин интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян болду. Аталган иш-чара "Россиянын жана АСЕАН өлкөлөрүнүн COVID-19га каршы аракеттенүү жана экономикаларды калыбына келтирүү боюнча чаралары" деп аталган семинардын алкагында орун алды.

"Коронакризис" инфекция менен күрөшүүдө эл аралык коомдоштуктун аракеттерин бириктирүүнүн максатка ылайыктуулугун көрсөттү. Улуттук деңгээлде кабыл алынып жаткан чаралар менен катар, региондордун жана интеграциялык бирикмелердин деңгээлинде координацияланган аракеттер керек экендиги айкын", – деди Гоар Барсегян.

ЕЭК өкүлү Комиссиянын пандемиянын терс таасирлерин жеңүү үчүн экономикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. "Комиссия Бирликтин мамлекеттеринин аймактарында COVID-19 коронавирустук инфекциясынын таралышынын алдын алуу боюнча саламаттыкты сактоо жана калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгы чөйрөсүндөгү иш-чаралардын комплекстүү планын ишке ашырууда катышууда. Мындан сырткары, Комиссиянын аянтчасында пандемиядан эң көп жабыр тарткан өнөр жай тармактарынын натыйжалуу иштөөсү үчүн зарыл болгон материалдарга жана себилдегичтерге карата алып келүү бажы алымдарын нөлгө түшүрүү боюнча сунуштар иштелип чыгууда", – деп билдирди департаменттин директору.

Ошондой эле, Гоар Барсегян АСЕАН менен кызматташтыкты тереңдетүү ЕАЭБ үчүн приоритеттердин бири болуп саналарын белгиледи, айрыкча каатчылык шарттарында: "Биз кызматташтык программасын натыйжалуу ишке ашырууну жана өзүнчө ЕАЭБ – АСЕАН диалог механизмин түзүүнү көздөөдөбүз".

АСЕАНдын Катчылыгынын өкүлдөрү, өз кезегинде, интеграциялык бирикмелердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү андан ары бекемдөө зарылчылыгын баса белгилешти.