Sign In
ЕАЭБ коронавируска каршы күрөшүү үчүн арналган бир катар товарлардын бажы алымсыз алынып келинишин узартат

ЕАЭБ коронавируска каршы күрөшүү үчүн арналган бир катар товарлардын бажы алымсыз алынып келинишин узартат

02.10.20
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана токтотуу үчүн колдонулган бир катар товарларга алып келүү бажы алымдарынан бошотуу мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алды. Тарифтик жеңилдик 2021-жылдын 1-октябрынан 31-мартына чейин узартылды.

Кабыл алынган чечимге ылайык, өндүрүлүшү жетиштүү көлөмдө жөнгө салынган бир катар товарлар  тизмеден чыгарылган. Кеп, атап айтканда, ооруну аныктоо үчүн тест-системалар, вируска каршы даяр дезинфекциялоочу каражаттар, лабораториялык термалдык баштыктар жана медициналык тоңдургучтар, бинттер, пахта, марли, бир жолу колдонулуучу жеке коргонуу каражаттары (маскалар жана бахилалар) жөнүндө болуп жатат. 

Ошол эле учурда, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) аймагына мурдагыдай эле дары-дармектерди жана дезинфекциялоочу каражаттарды өндүрүү үчүн айрым компоненттерди жана материалдарды, медициналык препараттарды, респираторлорду, коргоочу көз айнектерди, резина кол каптарды, медициналык буюмдарды жана аппараттарды, ошондой эле бейтаптарды ташуу үчүн кутуларды жана замбилдерди бажы төлөмсүз жеткирүүгө болот.

«Тизменин бир кыйла бөлүгү боюнча  биз режимди узартып жатабыз, анткени коргонуу каражаттары, медициналык жабдуулар жана материалдар боюнча жеткирүүлөр толук көлөмдө аткарылышы керек,  себеби пандемиянын тобокелдиктери менен натыйжалуу күрөшүү зарыл. Бирок өзүбүздүн өндүрүштө чоң натыйжаларга жетишилгендиктен, эми продукциянын башка бөлүгүн импорттоонун кажети жок”, - деди ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнев.

Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 1-октябрдан тарта келип чыккан укук мамилелерине карата колдонулат.

Маалымат

ЕАЭБдин аймагына коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу максатында алынып келинген продукциялар ЕЭК Кеңешинин 2020-жылдын 16-мартындагы №21 чечими боюнча алып келүү бажы алымын төлөөдөн бошотулат, эгерде ташып киргизилүүчү товардын максаттуу арналышы ЕАЭБ мүчө мамлекетинин ыйгарым укуктуу органы тарабынан, улуттук тартипке ылайык берилген уруксат менен тастыкталса.​