Sign In
ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары

ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары

02.10.20
1-2-октябрда өткөн отурумда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын долбоорун кайра иштеп чыгууну карап чыгып, Стратегия-2025 долбоорунун дагы 28 пункту боюнча макулдашты.Буга чейин ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары документти жалпысынан жактырып, катышуучу өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө анын кем жерлерин иштеп чыгууну тапшырган.


ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин 2020-2021-жылдарга макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитти.

ЕЭК Кеңеши коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана токтотуу үчүн колдонулган бир катар товарларга алып келүү бажы алымдарынан бошотуу мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алды. Тарифтик жеңилдик 2021-жылдын 1-октябрынан 31-мартына чейин узартылды.​