Sign In
ЕАЭБ МЕРКОСУР менен кызматташууну өнүктүрүүдө

ЕАЭБ МЕРКОСУР менен кызматташууну өнүктүрүүдө

IMG_7188-1.jpg
02.11.18

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Аргентина Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Рикардо Эрнесто Лагорио менен Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Түштүк Америка өлкөлөрүнүн Жалпы рыногунун (МЕРКОСУР) кызматташуу перспективаларын талкуулады.
«Аргентина менен бизди экономикалык гана эмес, эмоционалдык жылуу мамилелер да байланыштырып турат. Биз бул өлкөгө ал МЕРКОСУРда ЕАЭБ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн бириктирилген позицияны түзүү идеясын активдүү түрдө илгерилетип жаткандыгы үчүн ыраазыбыз», – деп билдирди Тигран Саркисян.
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын пикири боюнча, учурдагы баскычта эки бирикменин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн алкагында товардык топтор жана бажы преференциялары боюнча техникалык деңгээлде диалог түзүү керек. Тараптар бири-бирине кандай преференцияларды берүүгө даяр экенин аныктоо зарыл.
«ЕЭК эркин соода аймагын түзүү маселеси боюнча МЕРКОСУР менен жалпы түшүнүктү табууга кызыкдар», – деп баса белгиледи Тигран Саркисян.
Өз кезегинде, Аргентина элчиси калкы 500 млн адамды түзгөн эки бирикменин ортосундагы мамилелердин өнүгүү перспективаларын белгилеп өттү. Ал жогорку жетекчиликтин атынан Аргентина МЕРКОСУР менен ЕАЭБдин ортосундагы диалогду колдоого даяр экендигин билдирди.
«Учурдагы дүйнөлүк конъюнктура шарттарында, дүйнөдө акыйкаттуу социалдык тартипти уюштуруу үчүн келечектин эки регионунун иштеп баштоосу үчүн ылайыктуу учур келди», – деп эсептейт Рикардо Эрнесто Лагорио.