Sign In
ЕЭК жана ЕККУ өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн байланыштарды жандандырат

ЕЭК жана ЕККУ өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн байланыштарды жандандырат

02.11.18
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) генералдык катчысы Томас Гремингер менен эки эл аралык түзүмдүн экономика чөйрөсүндөгү кызматташуусунун өнүгүү перспективаларын талкуулады.

Жолугушуу 2-ноябрда Москва шаарында ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү. Ага ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү – ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Татьяна Валовая, ЕЭКтин соода боюнча боюнча министри Вероника Никишина, ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Карине Минасян, Чыр-чатактардын алдын алуу боюнча борбордун директору Марсель Песко, ЕККУнун алдындагы Италиянын туруктуу өкүлүнүн орун басары Лука Фратини жана башка ЕЭК жана ЕККУ өкүлдөрү катышышты.

Тараптар 2017-жылдын октябрь айындагы ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын ЕККУнун Туруктуу кеңешинин отурумундагы катышуусунун алкагында болуп өткөн жолугушуудагы кызматташтык жөнүндө макулдашуулар аткарылып жатканына байланыштуу канааттануусун билдиришти. «Биздин катчылыктардын ортосунда түз, туруктуу байланыш жана биздин департаменттердин ортосунда диалог бар», – деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

Томас Гремингер ЕЭК жана ЕККУ ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоону, кызматташтыкты тереңдетсе боло турган чөйрөлөрдү табууну сунуштады. «Мамилелерди курууга жардам берген жакшы концептуалдык негиз бар. Ал 2016-жылдан бери калыптанган», – деди ал. ЕККУнун Генералдык катчысы тараптар кызматташтыкты өнүктүрсө боло турган чөйрөлөрдүн катарында транспорт чөйрөсүн, миграциялык саясатты жана эмгек ресурстарын, санариптик экономиканы белгилеп өттү. Анын пикири боюнча, өз ара аракеттенүү чөйрөлөрүн талкуулап чыгуу жана аракеттенип баштоо зарыл.

Тигран Саркисян, өз кезегинде, өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу үчүн санариптик трансформацияны сунуш кылды. «Санариптик билим берүү жана үзгүлтүксүз билим берүү, санариптик стандарттар маселелери силерде да, бизде да мандатта бар. ЕЭК өз компетенциясына кирген маселелерди карап чыгат жана кызматташуунун «жол картасын» түзүүгө мамилелерди сунуш кылат», – деп Тигран Саркисян баса белгиледи.

Ошондой эле, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы, санариптик трансформация менен салыштырууга мүмкүн болгон, транспорттук коридорлор долбоорлорунунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Бизде Кытай менен өз ара аракеттенүүнүн күн тартибине киргизилген транспорттук коридорлор боюнча конкреттүү долбоорлор бар. Кытай, Европа жана Евразия стандарттары башынан шайкеш келтирилген болушу маанилүү. Муну коопсуздук маселеси менен салыштырууга болот», – деген оюн билдирди Тигран Саркисян.

Томас Гремингер бул сунушту колдоду. «ЕЭК жана ЕККУ ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча алгачкы кадамдарды чыдамсыздык менен күтөм», ¬– деп ЕККУнун генералдык катчысы жыйынтыктады.
 
Тараптар өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн катчылыктар жана институттар ортосундагы байланыштарды жандандырууну макулдашышты. Кызматташуунун жакынкы келечекке пландарын талкулоо үчүн ЕЭК жана ЕККУ өкүлдөрүнүн жолугушуусун өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды.