Sign In
ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Виктор Христенко: “Бизнестин колдоосу менен ЕАЭБ өлкөлөрүндө өз ара соодалашууда тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү жана алып коюуларды жоюу менен гана интеграциянын жетиштүү тереңдигин камсыздоого болот”

ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Виктор Христенко: “Бизнестин колдоосу менен ЕАЭБ өлкөлөрүндө өз ара соодалашууда тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү жана алып коюуларды жоюу менен гана интеграциянын жетиштүү тереңдигин камсыздоого болот”

03.04.15

2-апрелде Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын жана белорустук-казакстандык-россиялык бизнес-коомчулугунун өз ара иштешүүсү боюнча Консультативдик кеңешинин бешинчи отуруму болду. Иш-чара Армениянын бизнесинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтүп, анын алкагында Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин өз ара соодалашуусунда алып коюуларды, чектөөлөрдү жана тоскоолдуктарды жоюу маселелери каралды. Ошондой эле, Бирликтин “Имараттардын жана курулмалардын, курулуш материалдарынын жана буюмдарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентин иштеп чыгууну тездетүү зарылчылыгына байланыштуу маселелер талкууланды.

Отурумга ЕЭК, Армения, Белорустун, Казакстандын жана Россиянын министрликтеринин жана ведомстволорунун, Евразия экономикалык бирлигинин бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышышты.

Отурумду ачып жатып, ЕЭК Коллегиясынын төрагасы, Консультативдик кеңештин төрагасы Виктор Христенко, 2015-жылдын 1-январында күчүнө кирген ЕАЭБ жөнүндө келишим - жоболору товарлардын, тейлөөлөрдүн жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылы үчүн бир катар тоскоолдуктарды жойгон же өткөөл мезгилде аларды бара-бара жоюу үчүн база түзгөн негизги документ болуп калганын белгиледи. Виктор Христенко өз сөзүндө белгилегендей: “Бизнестин колдоосу менен ЕАЭБ өлкөлөрүндө өз ара соодалашууда тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү жана алып коюуларды жоюу менен гана интеграциянын жетиштүү тереңдигин камсыздоого болот”.

Отурумдун жүрүшүндө ЕЭК Интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча Коллегиясынын мүчөсү Татьяна Валовая, 2012-2014-жылдары мүчө мамлекеттердин базарларына өз ара жеткиликте алып коюуларды, чектөөлөрдү жана тоскоолдуктарды жоюу боюнча Комиссиянын ишинин негизги жыйынтыктары жөнүндө айтып берди. Министрдин айтымында, аталган тоскоолдуктарды максималдуу азайтууга бардык аракеттер жумшалат.

Бирликтин алдыңкы бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү катышкан талкуунун жыйынтыгы боюнча, Евразия экономикалык комиссиясынын жана белорустук-казакстандык-россиялык бизнес-коомчулугунун өз ара иштешүүсү боюнча Консультативдик кеңешине караштуу Интеграциянын негизги багыттары боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Күн тартибинин экинчи бөлүгүндө доклад менен чыгып сүйлөгөн ЕЭК Техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча Коллегиясынын мүчөсү (Министр) Валерий Корешков, Бирликтин “Имараттардын жана курулмалардын, курулуш материалдарынын жана буюмдардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентинин үстүндө иштин жүрүшү жөнүндө билдирди. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн курулуш индустриясын өнүктүрүү үчүн бул документтин кабыл алынышынын маанилүүлүгүн белгиледи Министр. Талкуулоонун жыйынтыгында “курулуш” техрегламентин бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен даярдоону жана бекитүүнү тездетүү жөнүндө чечим кабыл алынды. 

Маалымат:

Евразия экономикалык комиссиясынын жана белорустук-казакстандык-россиялык бизнес-коомчулугунун өз ара иштешүүсү боюнча Консультативдик кеңеш ЕЭК Коллегиясынын 2012-жылдын 4-декабрындагы чечими менен түзүлгөн. Тараптардын өз ара иштешүүсүнүн алкагында Консультативдик кеңеш төмөнкү багыттар боюнча ишмердүүлүк жүргүзөт: интеграция жана макроэкономика, ишкердик ишмердүүлүктү өнүктүрүү, каржы базары (банктык чөйрө, камсыздандыруу чөйрөсү, валюталык базар, баалуу кагаздар базары), өнөр жай, агро өнөр жай комплекси, өз ара жана тышкы соодалашуу, техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралар, бажыда администрациялоо, энергетика жана табигый монополиялар, транспорт жана инфраструктура, атаандаштыкты өнүктүрүү жана монополияга каршы жөнгө салуу, интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын жана товарларды, иштерди, тейлөөлөрдү жекелештирүү каражаттарын кайтаруу жана коргоо.