Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрү жана Иран кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр

ЕАЭБ өлкөлөрү жана Иран кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр

IMG01474.jpg
03.09.19

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 2-сентябрда Москвада ЕЭКтин штаб-квартирасында Иран Ислам Республикасынын Энергетика министри, Иран-Армян жана Иран-Россия кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссияларынын теңтөрагасы Реза Ардаканиян менен жолугушту.

«Биз алар менен кызматташтыкты активдүү өнүктүрүп жаткан кымбаттуу конокторубузду тосуп жатканыбызга кубанычтабыз,
– деди Тигран Саркисян. – Биздин Бирликтин мамлекет башчылары Иран менен кызматташтыкты тереңдетүүгө өзгөчө маани беришет. Биздин өзгөчө мамилелерибиз биргелешкен документтер, баарынан мурда, мындан бир аз убакыт мурда бардык тараптар тарабынан ратификацияланган, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин жана Ирандын ортосунда эркин соода зонасын түзүүгө алып келген убактылуу макулдашуу менен бекитилген. Биз буга байланыштуу ноталар менен өз ара алмаштык. Бул биздин макулдашуу жакынкы убакта күчүнө кирет, жана биз өз мамилелерибизди жаңы деңгээлге чыгара алабыз дегенди билдирет».

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Реза Ардаканиянга анын жеке аракеттери, ошондой эле анын сүйлөшүүлөрдө катышкан жана ийгиликке жетүүгө жардам берген башка ирандык кесиптештерине ыраазычылык билдирип өттү.

Ирандын Энергетика министри өз кезегинде Тигран Саркисянга, ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишинага жана Евразия экономикалык комиссиясынын жана Бирликтин мүчө мамлекеттеринин сүйлөшүүлөр командасына ыраазычылыгын билдирди. Ал Иран Ислам Республикасынын мамлекеттик түзүмдөрү да, бизнеси да Макулдашуунун алкагында өздөрүнүн ЕАЭБдеги өнөктөштөрү менен өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө
даяр экендигин белгилеп өттү.

Атап айтканда, ирандык тарап Ирандын Соода-өнөр жай палатасынын Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу жөнүндө
чечим кабыл алды, ал тараптардын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди бекемдөөнү колдоо процессине түздөн-түз катышмакчы. Мындан сырткары, Иранда ЕЭК жана Бирликтин өлкөлөрүнүн ишкерлери менен кызматташуу боюнча башка механизмдер эң жогорку мамлекеттик деңгээлде каралууда. Ирандын Энергетика министри Макулдашуу аракеттене баштагандан кийин кызматташтыктын жаңы натыйжалуу форматтары табылат деген ишеничин айтып өттү.​

«Ирандыктар Евразия экономикалык бирлиги менен келишкендиктерибиздин, анын ичинде энергетика жана башка тармактардагы келишкендиктерибиздин ишке ашырылышы үчүн колдон келишинче аракет кылышат»,
– деди Реза Ардаканиян.

Тигран Саркисян Ирандын Энергетика министрине жакынкы убакта Бишкекте (Кыргызстанда) «Евразия жумалыгынын» өткөрүлүшү тууралуу эскертип өттү жана иран бизнесинин өкүлдөрүн ага катышууга чакырды.
«Мен жана Комиссиянын башка министрлери – биздин жалпы команда – Бишкекте болобуз. Форумда Бирликтин ишкердик коомдоштугунун көпчүлүк өкүлдөрү катышышат. Евразиянын эң ири аянтчасында иран бизнесинин болушу биз үчүн өтө маанилүү». «Евразия жумалыгынын» жүрүшүндө ирандык ишкерлерге ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунда соода жүргүзүүнүн бардык артыкчылыктары түшүндүрүлмөкчү.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы ЕАЭБдин Ишкердик кеңеши Ирандын бизнес-коомдоштугу менен кызматташуу жөнүндө меморандумду даярдагандыгын билдирди.
«Биз бул документке форум күндөрүндө кол коюлушун каалайбыз, – деди Тигран Саркисян. – Бул Ирандын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамилелеринин ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгынын дагы бир маанилүү далили болуп калды».

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорт тармагында Иран менен мүмкүн болгон өз ара аракеттенүүсүнө токтолуп жатып, Тигран Саркисян тараптардын жогорку транзиттик потенциалын белгилеп өттү. Алардын географиялык абалы аларга, негизги болуп саналган, «Түндүк – Түштүк», «Батыш – Чыгыш» багыттарындагы негизги транспорт түйүндөрүндөрү ролун аныктады. Бирок бул потенциалды туура ишке ашыруу үчүн ачык, өз ара пайдалуу диалог талап кылынат.

«Биздин Бирликтин өлкөлөрүнүн башчылары мындай милдетти коюшууда – ЕАЭБдин аймагы аркылуу жеткирүүлөрдүн көлөмүн олуттуу түрдө көбөйтүү. Бул жерде Ирандын да кызыкчылыгы бар. Биз тийиштүү механизмдерди биздин адистердин деңгээлинде ишке ашырууну баштоого мүмкүндүк берген жалпы мамилелерди тапкыбыз келер эле. Кеп транзиттик ташууларды коштогон физикалык жана санариптик инфраструктураны, каржы механизмдерин түзүү жөнүндө болуп жатат»,
– деди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы жана Ирандын Энергетика министри келечектеги эки ири иш-чарага – ушул жылдын 30-сентябрында жана 1-октябрында Ереванда болуп өтүүчү, Евразия мейкиндигинин транзиттик потенциалына арналган ЕАЭБ форумуна, жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумуна да токтолуп өтүштү. Тараптар аталган иш-чараларга Ирандын Президенти Хасан Руханинин келишинин маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун аягында Реза Ардаканиян Тигран Саркисянды иран бизнес-коомдоштугунун өкүлдөрү менен жолугушуу жана кызматташтыктын андан аркы механизмдерин биргелешип талкуулоо үчүн Иранга келүүгө чакырды.