Sign In
ЕАЭБ менен Египет 2018-жылдын аягында ЭСЗ түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү башташы мүмкүн

ЕАЭБ менен Египет 2018-жылдын аягында ЭСЗ түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү башташы мүмкүн

03.10.18
Эркин соода зонасын түзүү жана Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) менен Египеттин ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундунун старт алуу мөөнөтүн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян менен Россия Федерациясындагы Египет Араб Республикасынын Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Ихаб Наср талкуулашты, ал ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.
 
Комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы ЭСЗны түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр ЕАЭБнын мүчө мамлекеттеринин президенттеринин тапшырмасы боюнча башталгандыгын эске сала кетти. «Биздин беш өлкө сиз менен ушул сүйлөшүүлөр процессин баштоого даяр экендиктерин билдиришти. Бул өтө маанилүү, Египет менен салтка айланган жылуу мамилебиз бар, азыр эми аны бекемдөөгө мүмкүнчүлүк болуп турат», – деп билдирди Тигран Саркисян.

 Өзү тарабынан Ихаб Наср ЕАЭБ өлкөлөрү менен Египеттин кызматташтыгы өзүнүн тамыры менен тарыхка тереңдеп сүңгүп кирерин белгилеп өттү. Анын ою боюнча, Египеттин ЕАЭБнын айрым өлкөлөрү менен мамилелериндеги маанилүү жарып чыгууну эске алуу менен тарыхый мурасты реалдуу экономикалык өз ара аракеттенүүдө ишке ашырууга убакыт келди. РФдагы Египеттин элчиси  Египет менен Бирлик өлкөлөрүнүн коомчулугу ЭСЗ жөнүндө кол коюуга колдоо көрсөтүшөөрүн баса белгиледи.

Ихаб Насрдын айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрү менен Египет Араб Республикасынын өз ара аракеттенүүсүнүн перспективдүү түйүнү Египеттеги Россия өнөр жай зонасы боло алат, анын ачылышы 2018-жылдын декабрына карата пландаштырылган. ЕАЭБ өлкөлөрү менен Египеттин биргелешкен өндүрүштөрүн түзүү өз ара пайдалуу болуп көрүнүп жатат деп эсептейт РФдагы Египеттин элчиси, анткени Египет араб жана африка өлкөлөрү, ЕБ жана МЕРКОСУР менен соода макулдашууларынын кеңири түйүнүнө ээ.

Тараптар ушул жылдын аягына чейин сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундун баштоонун перспективасы бар деп белгилешти.

Жолугушуунун аягында  Тигран Саркисян алардын ЕАЭБге кызыкдарлыгын билдиргендиктери үчүн Египеттин расмий өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирип кетти. «Биздин мамлекеттерибиздин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү өлкөлөрүбүздүн элдеринин гүлдөп-өсүшүнө өбөлгө түзөөрүнө ишенемин», – деп жыйынтыктады ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

Ихаб Наср ушул жылдын октябрь  айынын ортосунда боло турган Египеттин Президенти Абдул-Фаттах Ас-Сисинин Россия Федерациясына визити тууралуу билдирип кетти, анын алкагында Египет менен ЭСЗ маселесин талкуулоо пландаштырылып жатат.