Sign In
ЕЭК Бирликтин өлкөлөрүнүн ортосунда санарип кол тамганы колдонуу менен документ жүгүртүүнү уюштуруу программасын бекитти

ЕЭК Бирликтин өлкөлөрүнүн ортосунда санарип кол тамганы колдонуу менен документ жүгүртүүнү уюштуруу программасын бекитти

02.10.20
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы 29-сентябрда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) интеграцияланган маалымат тутумунун ишенимдүү үчүнчү жак кызматынын тастыктоо борборун сынамык иштетүү программасын бекитти.  

"Бүгүнкү күндө ишенимдүү үчүнчү жактын кызматы Биримдиктин санариптештирүү процессинин, ошондой эле ЕАЭБдин алкагында чек ара аралык электрондук документ жүгүртүүнү уюштуруунун өзөктүү элементи болуп саналат. Ишенимдүү үчүнчү жактын кызматынын тастыктоо борборунун иштеши ушул процесстин бир бөлүгү болуп калат”, - деди ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар министри Гегам Варданян.

Коллегиянын мүчөсү белгилегендей, 2020-жылдын аягына чейин сынамык иштетүүнүн жыйынтыгы боюнча, долбоор өнөр жайлык иштетүүнүн баскычына чыгат. Эпидемиологиялык кырдаалга карабастан, иш аныкталган мөөнөттө графикке ылайык жүргүзүлүүдө. 

Маалымат 

Бирликтин интеграцияланган тутумунун ишенимдүү үчүнчү жак кызматынын тастыктоо борбору Бирликтин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары менен Комиссиянын ортосунда юридикалык күчкө ээ электрондук документтерге электрондук санарип кол тамга коюу менен мамлекеттер аралык (чек ара аралык) алмашууну уюштуруу үчүн иштелип чыккан. 

Ишенимдүү үчүнчү жак кызматынын тастыктоо борборунун негизги максаты - Комиссиянын жана мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу ишенимдүү үчүнчү жактарынын электрондук санарип кол тамгаларын текшерүүчү ачкычтарды тастыктоочу сертификаттарды берүү.​