Sign In
ЕЭК бизнес менен санариптик күн тартибин ишке ашыруу жана үчүнчү өлкөлөрдөн өнөктөштөр менен соода-экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулады

ЕЭК бизнес менен санариптик күн тартибин ишке ашыруу жана үчүнчү өлкөлөрдөн өнөктөштөр менен соода-экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулады

02.10.20

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен Бизнес-диалогдун 27-жолугушуусу болуп өттү. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепневдун төрагалыгы алдында өткөн иш-чарага ЕЭКтин кызмат адамдары, Бирликтин мүчө мамлекеттеринин компанияларынын жана бизнес-бирикмелеринин, ошондой эле ЕАЭБдин ишкер ассоциацияларынын жана бирикмелеринин өкүлдөрү катышышты.


"Коронавирустук инфекция пандемиясынын жана карантиндик чараларды киргизүү шартында санариптештирүү өзгөчө мааниге ээ болду. Жаңы чакырыктар коомдун жашоосунун бардык чөйрөлөрүн камсыздоо үчүн санарип чечимдерди иштеп чыгуунун катализатору болуп калды”, - деди Андрей Слепнев, ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки санарип күн тартибинин негизги багыттары жөнүндө баяндаманы утурлай. Документти ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын жардамчысы, демилгелерди башкаруу кеңсесинин өкүлү Мирлан Өмүралиев сунуштады.

ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин директорунун орун басары Михаил Черекаев жолугушуунун катышуучуларына ЕАЭБдин эркин соода жөнүндө макулдашуулары боюнча учурдагы жана келечектеги сүйлөшүүлөр жөнүндө айтып берди. Мындай сүйлөшүүлөрдү активдештирүү Комиссия тарабынан пандемияга байланыштуу түзүлгөн экономикалык кырдаалды турукташтыруу боюнча көрүлгөн чаралардын бири болду.

Өз кезегинде ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин директорунун орун басары Нургуль Хайдарова бизнес коомчулугуна
“Евразия экономикалык бирлигинин жана "Бир алкак - бир жол" кытай демилгесинин айкалышы - Евразиянын кызыкчылыгында биргелешип өнүгүү программасы” видео форуму жөнүндө маалымат берди. ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин жана КЭРдин министрлеринин катышуусунда өтө турган бул ири иш-чара 26-27-октябрга пландаштырылган.

Мындан тышкары, тараптар суроолор жана жооптор сессиясын өткөрүшүп, анын жүрүшүндө электрондук соода, товарларды маркалоо, техникалык жөнгө салуу тутумун санариптештирүү, ошондой эле соода сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүнө бизнести активдүү тартуу темалары талкууланды.

"Эркин соода жөнүндө түзүлгөн келишимдердин предметтик баалуулугу маанилүү болуп эсептелет. Биз бизнес менен тыгыз байланышта, анын ичинде онлайн форматта иштешүүгө даярбыз, бирок так түшүнүшүбүз керек: биздин аракеттерибиздин аркасында,  конкреттүү долбоорлор ишке ашырылышы керек”, - деп белгиледи Андрей Слепнев буга байланыштуу.

Маалымат

Бизнес-диалогдун форматы ЕЭК менен мүчө мамлекеттердин бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда соода саясатынын практикалык маселелерине арналган үзгүлтүксүз жолугушууларды болжойт. Бизнес-диалогдун буга чейинки отуруму ушул жылдын март айында болгон.​