Sign In
ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүндө отундардын айланымынын мөөнөттөрүн белгиледи

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүндө отундардын айланымынын мөөнөттөрүн белгиледи

03.12.15

2-декабрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Иш-чарага ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү: Армения Республикасынын эл аралык экономикалык интеграция жана реформалар министри, Вице-премьер-министр Ваче Габриелян, Беларус Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Василий Матюшевский, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов, Россия Федерациясынын Өкмөт Башчысынын биринчи орун басары Игорь Шувалов, ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенко, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия Мүчөлөрү (Министрлери) катышышты.

ЕЭК Кеңеши интеграция жана макроэкономика, соода, бажы кызматташтыгы, экономика жана каржы саясаты, техникалык жөнгө салуу, атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу тармактарындагы бир катар маанилүү маселелерди карап чыкты.

Техникалык жөнгө салуу жаатында ЕЭК Кеңешинде Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын айланымынын бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндөгү макулдашууга Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу протоколдорго кол коюлду. Бул нерселер ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык, 2016-жылдын 1-январынан баштап дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жалпы рынокторун ишке киргизүү үчүн керек.

ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Валерий Корешковдун айтымында, социалдык жактан маанилүү бул тармактарда жалпы рынокторду түптөө ЕАЭБдин фармацевтикалык өнөр жайын өркүндөтүүгө, дары-дармектердин жана медициналык буюмдарды өз ара соодалоо, Биримдиктин беш өлкөсүн коопсуз, таасирдүү жана сапаттуу препараттар менен камсыз кылууга өбөлгө болмокчу. Жалпы рыноктордун ишин камсыз кылуу үчүн, соңку жылдын аягына чейин, Евразия экономикалык комиссиясынын фармацевтикалык өнүмдөрдү жана медбуюмдардын айланымынын кээ бир маселелерин тескөөчү 35ке жакын ченемдик актын кабыл алуу каралган. Бардык акттардын долбоорлору дээрлик даяр болгон кези.

ЕЭК Кеңеши Биримдиктин “Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизелдик отунга, кемелердин отунуна, реактивдик кыймылдаткыч отунуна жана мазутка коюлуучу талаптар жөнүндө” техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизди. Казакстандын аймагында «Евро-2», «Евро-3» экологиялык классындагы бензиндин жана дизелдик отундун, жана ошондой эле айыл чарбалык жана жолтандабас техника үчүн дизелдик отундун айланымынын мөөнөтү өзгөрдү – алардын айланымын 2018-жылдын 1-январына чейин узартуу каралды. Андан сырткары, Россиянын аймагында «Евро-4» экологиялык класстагы автомобилдик бензиндин айланымы 2016-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Ошондой эле, Армения Республикасы үчүн «Евро-3», «Евро-4» экологиялык классындагы автомобилдик бензиндин айланымынын 2016-жылдын 31-декабрына чейин, Кыргыз Республикасы үчүн «Евро-2», «Евро-3» экологиялык классындагы бензиндин айланымынын 2017-жылдын 31-декабрына чейин мөөнөттөрү аныкталды.

Андан сырткары, ЕЭК Кеңеши тарабынан Биримдиктин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу планына өзгөртүүлөр киргизилди: Биримдиктин бирдиктүү рыногунда сатылуучу товарлар тууралуу маалыматтын окумдуулугун жогорулатуу максатында, маркировкалык жазууларга карата милдеттүү талаптарды орнотууга тиешелүү түзөтүүлөр.

“Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө” Биримдиктин техникалык регламентине өзгөртүүлөр киргизилди. Атап айтканда, “пилинг” термини жана ооз көңдөйүнүн гигиена каражаттарында фторду өлчөө бирдиктери (фтордун молдук массасына которуп менен) такталды, парфюмердик-косметикалык продукцияны декларациялоо схемалары киргизилди.

ЕАЭБде Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (текшерүүгө) тийиш товарлардын бирдиктүү тизмесине, жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (текшерүү) жүргүзүү жөнүндө жобого ЕЭК Кеңеши киргизген өзгөртүүлөр “Майлоочу материалдарга, майларга жана атайын суюктуктарга болгон талаптар жөнүндө” техникалык регламенти тескөөчү объекттерге талаптарды кайталоону болтурбайт.

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык биримдигинин органдарынын жумушуна байланыштуу бир катар маанилүү административдик чечимдерди кабыл алды. Атап айтканда, ЕАЭБ органдарында төрагалык кылуу жөнүндө Евразиялык жогорку экономикалык кеңештин чечиминин долбоору жактырылды. Ал Биримдик өлкөлөрүнүн Президенттери тарабынан карап чыгууга ушул жылдын декабрынын экинчи жарымында жөнөтүлөт. Казакстан Республикасы 2016-жылы Евразиялык жогорку экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешине төрагалык кылууга сунушталууда.