Sign In
2-февралда өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыктары

2-февралда өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыктары

04.02.18

Евразия экономикалык биримдиктин алкагында маркирлөө системаларын жайылтуу жана Биримдиктин макулдашылган санариптик саясатын жүзөгө ашыруу механизмдерин калыптандыруу, Евразия өкмөт аралык кеңешинин 2018-жылы болуп өткөн биринчи отурумунун негизги темалары болду, ал Алматыда (Казакстан Республикасы) 2-февралда өткөрүлдү. ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларына, Биримдиктин өлкөлөрүндөгү макроэкономикалык кырдаал жана өз ара сооданын абалы, ошондой эле мүчө мамлекеттердин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн божомолдору жөнүндө докладдар сунушталды. 

Өкмөт аралык кеңештин отурумуна Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, Россия Федерациясынын өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян катышты.

Отурумду ачып жатып, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикаларынын өсүшү, Биримдиктин дарамети жана ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн анын маанилүүлүгү тууралуу күбөлөндүргөндүгүн  баса көрсөттү. “Биз Биримдиктин учурдагы жана андан аркы өнүгүүсү менен байланышкан бир катар маанилүү документтерди кабыл алдык, - деп баса көрсөттү Бакытжан Сагинтаев. - Ушул жылдын 1-январынан тартып, жаңы ЕАЭБдин Бажы кодексинин күчүнө киргендиги буларды далилдеп турат. Аны менен бажы процедураларынын тездик менен өтүүсү боюнча шарттар түзүлдү. Бул жыл дагы биздин интеграциялык бирикменин иштеши менен байланышкан актуалдуу жана жаңы демилгелерди иш жүзүнө ашыруу үчүн маанилүү жыл болот деп ойлойм”.

Жылдын жыйынтыгын баалоо менен, Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн башчысы билдиргендей, республика жалпы дүйнөлүк экономикалык туруксуздукка карабастан, ЕАЭБ алкагындагы товар айланымды көбөйтүүнүн оң динамикасын сактап кала алган жана ал былтыркы жылга салыштырганда 31%га өскөн. 

Армения Республикасынын  Премьер-министри Карен Карапетян туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу агымына бара турган иштин, биргелешип жылуунун багыттарына  өзгөчө көңүл буруу зарылдыгына токтолду. “Көңүлдүн борборунда дагы да болуп жаткан жалпы рыноктогу тоскоолдуктарды четтетүү, таза атаандаштыктын жана логистикалык, транспорттук-байланыштык мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануунун бирдиктүү эрежелеринин шарттарында бизнести жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттарды камсыз кылуу боюнча иштерди көздөө маанилүү”,- деп ишенет Армениянын өкмөтүнүн башчысы

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков ЕАЭБди ичин “аягына чейин куруу”, биримдиктин ченемдерин жана өздөрүнө алган милдеттемелерин бардык мүчө мамлекеттердин ар тараптуу жана шартсыз камсыз кылуу зарылдыгы бар экендигин ” баса көрсөттү. Мындан башка, Андрей Кобяков улуттук кызыкчылыктардын маанилүүлүгүн, ошондой эле тигил же бул конкреттүү товарларды маркирлөөнү киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууда чарба жүргүзүүчү субъектилердин жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы оптималдуу баланстын маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Биримдиктин зор дараметине жана “беш” евразия  өлкөлөрүнүн экономикалык өсүү мүмкүнчүлүгүнө басым жасады. Анын пикири боюнча, өнөр жайдагы  кооперациялык процесстерди стимулдаштыруу, биргелешкен ишканаларды түзүүгө көмөк көрсөтүү, таза атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүү жана ишкер климаттын жакшырышына жардам берүү маанилүү. 

Өз кезегинде ЕАЭБдин Евразия өкмөт аралык кеңешинин Төрагасы, РФ өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Биримдиктин органдарында, төрагалыктын алкагында  2018-жылы россия тарап өзгөчө маани бере турган андан аркы иштердин багыттарына өзгөчө көңүл бурду.

“Биримдиктин алдында турган стратегиялык милдеттер боюнча иштерди аткаруу маанилүү. Бул үчүн биздин рынокто калып жаткан тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү четтетүү менен алектенүү керек,- деди россия өкмөтүнүн башчысы. - Интеграциянын ички контурун максатка багыттатып жана ырааттуу өнүктүрүү, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун калыптандыруу, өнөр жайында жана айыл чарбасында макулдашылган саясатты жүргүзүү, өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорго чыгуу жана жогорку технологиялык өндүрүмдөрдү жаратууга өтүү үчүн импортту алмаштыруу саясатын тургузуу керек.”

Дмитрий Медведев ишти жаңы демилгелер менен толуктоону сунуштады: “Өздүк санариптик платформалар жана өздүк инфраструктура зарыл, анткени биз бирдиктүү стандарттарды пайдаланып биргеликте аракет кылууга тийишпиз. Сөз ошол эле электрондук коммерциянын көзөмөлдөнүшү, өнүгүүсү, бирдиктүү стандарттарга өтүү, транспортто, өнөр жайда жана бажы ишинде IT-технологияларды жайылтуу жөнүндө болуп жатат. Биздин улуттук сунуштарды чыңоо керек”.

ЕАЭБдин санариптик күн тартибин биргелешип жүзөгө ашыруунун механизмдери жөнүндөгү талкуулоонун жүрүшүндө өкмөт башчылар “Ааламдашуу дооруна санариптик күн тартип” форумунун пленардык сессиясында башталган сөздү улай, ийгиликке жетүү үчүн маанилүү шарттардын бири болуп Биримдиктин өлкөлөрүнүн макулдашылган саясаты санала тургандыгына макул болушту. Санариптик чөйрөдө мыйзамдарды бир түргө келтирүү, интеграциялык платформаларды өнүктүрүү жана алардын ролун ЕАЭБдин экономикасында күчөтүү, санариптик кайра түзүүлөр үчүн, анын ичинен техникалык регламенттерди жакшыртуу жана стандартташтыруу системасы аркылуу стимулдарды жаратуу зарыл. Санариптик трансформациялоонун жана аларды талдоонун процесстеринде болуп жаткан билимдердин базасын топтоо үчүн бирдиктүү аянтча түзүү, маанилүү кадам болуп калат. 

Премьер-министрлер ЕЭКке Биримдиктин өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен биргеликте, Комиссия тарабынан сунушталган мүчө мамлекеттердин экономикаларын санариптик трансформациялоодо макулдашылган саясатты жүзөгө ашыруунун механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды.

Өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрү ЕАЭБде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркирлөө жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Документ Биримдиктин алкагында товарларды  идентификациялоонун каражаттарын пайдалануу менен маркирлөөнүн бирдиктүү системасын түзүүгө багытталган, алар жөнүндө маалымат бирдиктүү реестрге киргизилет. Реестрди түзүү жана жүргүзүү Комиссияга жүктөлгөн.

Макулдашууну жүзөгө ашыруу, атаандаштыктын тең шарттарын камсыз кылуу үчүн көзөмөлдөө принцибин колдонууга, товарлардын сапатын жакшыртууга жана керектөөчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга, көмүскө рынок жана контрафакттык товарлар менен натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк берет. Аны жүзөгө ашыруу ЕАЭБдин аймагына товарлардын агымынын айкындыгынын  өсүүсүнө жана салыктардын чогулушуна  жардам берет. Системаны жайылтуунун жана идентификациялоонун заманбап методдорун колдонуунун маанилүү жыйынтыгы, товарлардын агымын санариптештирүү жана Биримдиктин өлкөлөрүндө транспорттук-логистикалык инфраструктураны модернизациялоо болот.   

Эмгекчилерге пенсияларды дайындоого жана төлөп берүүлөргө  жооп берүүчү улуттук өкмөттөр менен Комиссиянын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн тартибинин долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө буйрук кабыл алынды. Мындай өз ара аракеттенүү, Евразия экономикалык биримдиктин интеграцияланган маалыматтык системасынын жардамы менен аткарылары пландалууда. Биримдиктин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишиминин маанисин баса көрсөтүштү. Келишимдин долбоору 2018-жылдын аягына чейин иштелип чыгат деп болжолдонууда. 

Өкмөт башчылары Биримдиктин өлкөлөрүндөгү макроэкономикалык кырдаал жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ортосундагы өз ара сооданын абалы  жөнүндө докладдын корутундуларын талкуулашты.

Бул оң көрүнүш дээрлик бардык негизги экономикалык көрсөткүчтөр  боюнча байкалгандыгы белгиленди. Ошентип, Биримдиктин өлкөлөрүнүн экономикасы калыбына келүү баскычына өткөндүгү тууралуу айтууга болот. Ошону менен бирге бул процесстин ылдамдыгы ички суроо-талапты колдоонун ар кандай масштабдары жана фискалдык саясатты стимулдаштыруучу чараларды жүзөгө ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөр менен айырмаланат.     

Биримдиктин ишинин жыйынтыгында, интеграциялык бирикменин мүчө мамлекеттеринин ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 2017-жылдын январь-сентябрындагы көлөмү  2016-жылдын  ошол мезгили менен салыштырганда 26,9% көтөрүлдү жана 38,9 млрд АКШ долларга жетти. Олуттуу өсүш арымы Биримдиктин бардык өлкөлөрүндө байкалган. Евразия интеграциялык бирикмесинин алкагында бирдиктүү рыноктордун, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын андан аркы сапаттуу өнүгүүсү ЕАЭБдин өз ара соодасынын товардык түзүмүнүн көлөмүнүн жана диверсификациянын көбөйүшүнө мүмкүндүк берет.  

Өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрү Биримдиктин өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексинин өнүгүүсүнүн божомолун, ошондой эле 2017-2018-жылдарга айыл чарба өндүрүмдөрү, азык-түлүк, зыгыр була, чийки тери, пахта буласы жана жүн боюнча суроо-талаптын баланстарын жана сунуштарын жактырышты.

2018-жылы ЕАЭБдин айдоо аянттары 110,6 млн га чейин өсөт, ал болсо 2015-жылга караганда 2,5% га көп. Бул жерде дан жана чанактуу дан өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн аянттар 778,7 миң га, ал эми жашылчалар - 71,6 миң га көбөйүүсү болжолдонууда. Андан башка, мал чарбачылыгында жана канаттууларды өстүрүүдө санынын өсүшү божомолдонууда.

Агроөнөр жай комплексинде сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдүн өсүшү айыл чарба өндүрүмдөрүнүн үчүнчү мамлекеттерге 24,2 млрд АКШ долл. чейин экспорттун өсүүсүнө жардам берет. Ошол эле учурда, импорттун 10%  26,0 млрд АКШ долл. чейин кыскарышы божомолдонууда.

Өнөр жай чөйрөсүндөгү мамлекет аралык программаларды жана долбоорлорду  иштеп чыгуу, каржылоо жана жүзөгө ашыруу жөнүндө жобо бекитилди.

Документ евразия технологиялык платформаларды каржылоонун базалык принциптерин аныктайт жана мамлекет аралык программаларды жана долбоорлорду жүзөгө ашыруу процедурасын регламенттештирет. Бүгүн буга чейин колдонулуп жаткан 12 евразия технологиялык платформалардын алкагында болжол менен 140 долбоор иштелип чыкты. Алардын айрымдары жакынкы арада жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Ар кандай карыз алууларды пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү каржылоонун ийкемдүү механизми, ошондой эле бюджеттик эмес, анын ичинде жеке жана институционалдык инвесторлордон каражаттарды тартууну стимулдаштыруу караштырылган.

Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги отуруму ушул жылдын апрелинде Россия Федерациясында өткөрүлөт.