Sign In
Михаил Мясникович ЕЭКтин ишинин приоритеттерин атады

Михаил Мясникович ЕЭКтин ишинин приоритеттерин атады

04.02.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 3-февралда болуп өткөн отурумунда Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович өзүнүн Комиссиядагы ишинин приоритеттерин белгиледи.

Михаил Мясникович ЕЭК Коллегиясынын жаңы курамын иштин башталышы менен куттуктады жана Евразия экономикалык бирлиги өзүнүн өнүгүүсүнүн белгилүү бир мүнөздүү өзгөчөлүктөрүнө ээ болгон жаңы баскычына өтүп жаткандыгын белгилеп өттү.

"Биринчиден, Бирлик жөнүндө келишим менен жана Бирликтин мамлекеттеринин башчыларынын чечимдери менен каралгандай эле, 2025-жылга чейин реалдуу түрдө иштеген жалпы рынокторду түзүү зарыл. Биз объективдүү болушубуз зарыл – азыркы учурда бул багытта бир кыйла натыйжалуу чаралар керек", – деди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

Михаил Мясникович атап өткөн экинчи милдет – евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын аягына чыгара иштеп чыгуу жана аталган документти Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумуна чыгаруу. ЕЭК Коллегиясынын башчысы бул иште 2020-жылда ЖЕЭКте төрагалык кылган, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун кайрылуусун эске алуу, ошондой эле Бирликтин мамлекеттеринин башчыларынын башка тапшырмаларынын аткарылышынын толуктугун талдап чыгуу зарыл экендигин эскертип өттү.

Үчүнчү милдет – Бирликтин эл аралык беделин жогорулатуу. 

"Евразия экономикалык бирлигинин дүйнөлүк ИДӨдөгү, эл аралык соодадагы салыштырма салмагын олуттуу түрдө жогорулатууга көмөк көрсөтүшүбүз керек. Азырынча бул көрсөткүчтөр анчалык чоң эмес. Мисалы, ЕАЭБдин жана "Бир алкак, бир жол" глобалдык кытай демилгесинин байланыштуулугу жетишсиз, – деди Михаил Мясникович. – Биздин уюмдун эл аралык укук субъекттүүлүгүн бекемдөө боюнча бир катар чечимдерди кабыл алуу зарыл. Евразия экономикалык бирлиги жакынкы перспективада, анын экономикалык күч борбору катары пикири дүйнөдө сыйланган, натыйжалуу эл аралык бирикмеге айланат деген ишеничтемин".

Төртүнчү милдет – Бирликтин өлкөлөрү үчүн өз ара соодадан пайданы камсыз кылуу. Өлкөлөр тарабынан жаңы тоскоолдуктар киргизилген учурлар жокко чыгарылган жок, жана Комиссиянын милдети – Бирликтин укугун мониторингдөө механизмдерин өркүндөтүү жана аны толук кандуу жүргүзүү.

"Биз аталган тоскоолдуктардан улам жана катышуучу өлкөлөрдүн ички соода эрежелерине каршы келген бир тараптуу чечимдеринен улам пайда болгон көйгөйлөр жана жоготуулар жөнүндө ишенердик материалдарды даярдоого милдеттүүбүз. Бирликтин катышуучу өлкөлөрүнүн бизнеси жана чет элдик өнөктөштөр менен байланыш тутуму керек. Ошондо биз жалпы эле интеграцияга болгон ишенимди бекемдей алабыз", – деди ЕЭК Коллегиясынын башчысы.

Михаил Мясникович "жалпы инфраструктура платформасы, анын ичинде транспорт, отун-энергетика комплекси Бирликтин негизги натыйжалуу каркасы болууга тийиш" деп баса белгиледи. Биргелешкен кооперациялык долбоорлор жана ишканалар, анын ичинде евразиялык улуттар аралык компаниялар курулуп баштаган учурда гана Бирлик стабилдүү өнүкмөкчү. 

"Биргелешкен инфраструктуралык долбоорлор жана евразиялык улуттар аралык корпорациялар негизги нерсеге жетишүүгө мүмкүндүк берет – интеграция процессин артка кайткыс жана бир кыйла аз административдик ресурстарды талап кыла тургандай кылуу. Экономикалык саясат улуттук экономикалардын өнөр жайлык базис тармагында да, жогорку кайрадан бөлүштүрүү өндүрүштөрүн түзүүдө да өз ара толукталышына өбөлгө түзүшү зарыл. Биргелешкен бизнеске кызыгуу болсо – ЕАЭБдин туруктуу конструкциясы да болот. Чарба жүргүзүүнүн бирдей шарттары, техникалык жана ченемдик укуктук жөнгө салуунун бирдиктүү жана шексиз түрдө аткарылуучу чаралары улуттук суверенитеттер үчүн зыяндуу болбойт. Тескерисинче, биздин экономикалардын позицияларын бекемдейт. Биздин күчтүү команданын макулдашылган ишине ишенем", – деп Михаил Мясникович корутундулады.

Ал ЕЭКте аткаруучулук тартипти жана Комиссиянын бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын кошумчалады. Мындан сырткары, ал жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөрдүн жана санариптик экономика долбоорлорунун натыйжалары үчүн жоопкерчиликти жогорулатууга көңүл бурду. 

Михаил Мясникович Коллегиянын мүчөлөрүн экономиканын реалдуу секторундагы долбоорлорду даярдоого жана ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүү боюнча ишти активдештирүүгө биринчи кезекте көңүл бөлүүгө чакырып өттү.

"Жаңы өнүгүү тренддеринин эсебинен улуттук экономикаларды көтөрүү жана Бирликтин мамлекеттеринин жарандарынын жыргалчылыгын жогорулатуу боюнча практикалык иш-аракеттер керек. Бирликтин бизнесинин жана жарандарынын көйгөйлөрүн жана сунуштарын уга билүү зарыл", – деди ЕЭК Коллегиясынын башчысы.

Мындан сырткары, ал көйгөйлүү маселелерге да көңүл бурду. Атап айтканда, ал товарларды маркалоо тутумуна жана товарларды эреже бузуулар менен, анын ичинде алымдарды жеңилдик менен колдонуу бөлүгүндөгү эреже бузуулар менен алып келүүгө байланыштуу өзүнүн тынчсыздануусун билдирди. Ал аталган маселелерди талдап, жакынкы убакытта Коллегияда көрсөтүүнү тапшырды.

"Мен Коллегияга интеграциянын негизги милдеттерин аткаруу максатым менен иштегени келдим. Биздин иш-аракеттер активдүү жана ишенерлик болууга тийиш", – деп Михаил Мясникович жыйынтыктады.​