Sign In
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрү менен үзүрлүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр – Михаил Мясниковичтин Бишкекке сапарынын жыйынтыктары

Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрү менен үзүрлүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр – Михаил Мясниковичтин Бишкекке сапарынын жыйынтыктары

04.02.20

4-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Бишкекке иш сапары менен барып, ал жерде Кыргыз Республикасынын жетекчилиги менен жолугушту.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулашты.

Михаил Мясникович тоскоолдуктарды, алып коюуларды жана чектөөлөрдү жоюу боюнча Комиссиянын приоритеттүү милдеттери, ошондой эле аталган ишке карата жаңы мамилелер тууралуу айтып берди. Мындан сырткары, ал үчүнчү өлкөлөрдүн ЕАЭБге болгон кызыгуусунун өсүп жаткандыгын белгиледи жана өзүнүн ишмердигинде Бирликтин бардык мамлекеттеринин кызыкчылыктарын жетекчиликке алышына ишендирип өттү.

Сооронбай Жээнбеков Михаил Мясниковичти ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын кызматына киришкендиги менен куттуктады жана белгиленген пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди каалап өттү. Ошондой эле, ал Михаил Мясниковичтин жетекчилиги алдында Комиссиянын евразиялык интеграцияны андан ары тереңдетүүгө орчундуу салым кошушуна ишеничин билдирип өттү.

Мамлекет башчысы Бирликтин өлкөлөрү менен үзүрлүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгы тууралуу билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушууда евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын аныктоочу документти даярдоого жана учурдагы тоскоолдуктардын жоюлушуна басым жасалды. Мындан сырткары, Михаил Мясникович жана Мухаммедкалый Абылгазиев ЕЭКтин улуттан жогорку компетенциясын күчөтүү маселесин карап өтүштү.

Өкмөт башчысы Михаил Мясниковичке анын жаңы кызматында ийгиликтерди каалады жана анын ишкердик жана жеке сапаттары Комиссиянын ишинин натыйжалуулугун камсыз кылууга жана интеграция процессинин динамикалуу өнүгүшүнө багытталган милдеттерди ырааттуулук менен чечүү үчүн бардык керектүү шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет деген ишенимин билдирди.

Михаил Мясниковичтин Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Джумабеков менен жолугушуусунда тараптар ЕАЭБдин алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана экономикалык интеграцияга жолто болуп жаткан тоскоолдуктарды жоюу маселелери боюнча пикир алмашышты.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы экономика жакшы мыйзамдык колдоосуз өнүгө албашын, ошондуктан Бирликтин өлкөлөрүнүн ортосунда активдүү парламенттер аралык кызматташтыкты түзүү керектигин баса белгиледи.

Дастанбек Джумабеков ЕАЭБдин алкагындагы ийгиликтүү кызматташтык Кыргызстан үчүн приоритеттүү экендигин билдирди. Учурдагы тоскоолдуктар тууралуу сөз кылып жатып, Дастанбек Джумабеков контролдоо-өткөрүү пункттарында пайда болуп жаткан көйгөйлөргө көңүл бурду.

Ошондой эле, ал Михаил Мясниковичти ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын кызматына дайындалгандыгы менен куттуктады жана ага ийгиликтерди каалады.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы тарабынан айтылган демилгелер Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин колдоосуна ээ болду.​