Sign In
ЕЭК Министри Валерий Корешков: “Комиссиянын техникалык жөнгө салуу жагындагы милдеттеринин бири - Биримдиктин үчүнчү өлкөлөр жана негизги интеграциялык бирикмелер менен экономикалык мамилесин тереңдетүү”

ЕЭК Министри Валерий Корешков: “Комиссиянын техникалык жөнгө салуу жагындагы милдеттеринин бири - Биримдиктин үчүнчү өлкөлөр жана негизги интеграциялык бирикмелер менен экономикалык мамилесин тереңдетүү”

04.03.16

3-мартта Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин Техникалык жөнгө  салуу боюнча министри Валерий Корешков Элчиликтердин өкүлдөрү жана Вышеград тобунун өлкөлөрүнүн бизнес коомчулуктары менен жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдикте (ЕАЭБ) техникалык жөнгө салуу системасынын негизги багыттары жөнүндө маалымдады.

Валерий Корешков Биримдик продукцияга бирдиктүү талаптарды колдонуу рынокто административдик тоскоолдуктарды четтетүүгө жана товарларды чыгаруунун жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт.

“Бул жылы Комиссиянын маанилүү милдеттеринин бири - Биримдиктин  үчүнчү өлкөлөр жана негизги интеграциялык биримдиктер менен экономикалык мамилесин тереңдетүү”, - деп билдирди ЕЭК Министри.

Учурда Комиссия тарабынан ЕАЭБ жөнүндө келишим жоболорун ишке ашыруу максатында техникалык жөнгө салуу жагында үч эл аралык келишим долбоору иштелип чыгууда. Алардын биринде үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодада техникалык тоскоолдорду четтетүү тартиби жана шарттары белгиленет.

Иш чаранын жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин рыногуна товар чыгаруу үчүн ылайык келүүсүнө баа берүүнүн маселелери талкууланат. Тамак аш продукцияларына техникалык регламентти ишке ашырууга, ЕАЭБнын “Автоунаа жолдорунун коопсуздугу” техрегламентинин шайкеш келүүсүнө баа берүүнүн милдеттүү талаптарына жана жол жоболоруна, продукцияларга ЕАБ белгиси менен маркалоо жагында керектөөчүлөрдү алдоо аракеттерине бөгөт коюуга өзгөчө көңүл бурулган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Чехия Республикасынын  Россиядагы Элчилигин экономика бөлүмүнүн башчысы Мартин Башта мисалы, техникалык регламенттерди ишке ашырууда бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу боюнча биргелешкен чаралардын актуалдуулугун белгиледи. Мындан тышкары, Вышеград тобуна кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрү Комиссиянын эл аралык экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө маанилүү ролун белгилешкен. 

Маалымат

Вышеград  тобу - төрт борбордук европалык мамлекеттердин биримдиги: Чехия, Польшя, Словакия жана Венгрия.

ЕАБ  белгиси - Биримдик рыногунда продукциянын жүгүртүлүшүнүн бирдиктүү белгиси, керектөөчүлөргө жүгүртүүгө чыгарылган продукциянын Евразия экономикалык биримдиктин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык келүүсү тууралуу маалымдоочу белги.