Sign In
ЕЭК Кеңеши Өзбекстанга ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусун берүү жөнүндө маселени карап чыкты

ЕЭК Кеңеши Өзбекстанга ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусун берүү жөнүндө маселени карап чыкты

04.09.20

4-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Өзбекстанга ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусун берүү маселеси боюнча чечиминин долбоору каралды. Аяккы чечим Бирликтин мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынат. 

 

Буга чейин Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Беларусь Республикасынын Президенти, ЖЕЭКтин Төрагасы Александр Лукашенкого өлкөгө ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусун берүү жөнүндө маселени карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылган эле.

 

Өзбекстан акыркы жылдарда ЕАЭБ өлкөлөрү менен эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүдө. 2016-2019-жылдарда Өзбекстандын Бирликтин мамлекеттери менен жалпы товар жүгүртүүсү 60%га чейин өсүп, 8,4 млрд долларды түзгөн. Бүгүнкү күндө Өзбекстандын ЕАЭБ менен тышкы соодасынын үлүшү 30% түзөт, ал эми айыл чарба продукциясынын экспорту 75%дан ашат.

 

Маалымат

 

ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 109-беренесине ылайык, байкоочу мамлекеттин өкүлдөрү чакыруу боюнча Бирликтин органдарынын отурумдарында чечимдерди кабыл алууда катышуу укугусуз катыша алышат жана кабыл алынып жаткан купуя эмес мүнөздөгү документтерди ала алышат.​