Sign In
Евразиялык интеграцияны өнүктүрүү стратегиясы боюнча акыркы келишпестиктер Жогорку кеңештин отурумуна чыгарылмакчы

Евразиялык интеграцияны өнүктүрүү стратегиясы боюнча акыркы келишпестиктер Жогорку кеңештин отурумуна чыгарылмакчы

04.09.20

4-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын долбоору каралды. 

Буга чейин Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин башчылары документти жалпысынан жактырып, катышуучу өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө анын кем жерлерин иштеп чыгууну тапшырган эле. 

ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев билдиргендей, буга чейин жумушчу топтун отурумунда тараптарда калган келишпестиктер каралып, натыйжада аларды макулдашууда бир кыйла алга жылуу мүмкүн болду. Стратегиянын 36 макулдашылбаган маселесинин 11 боюнча консенсуска жетишилди. 

Стратегиялык багыттар жалпы (концептуалдык) жоболордон жана 11 тутумдук блокторго топтолгон жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларациянын жоболорун ачып көрсөткөн 330 чара жана механизмдерден турат.​