Sign In
ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары

ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары

04.09.20

4-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.

ЕЭК Кеңеши Өзбекстанга ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусун берүү жөнүндө маселени карап чыкты

Кеңештин мүчөлөрү дары-дармек препараттарынын биоэквиваленттүүлүгүнө изилдөөөрдү жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү бекитти.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук GMP сертификаттарын өз ара таануу 2025-жылга чейин узартылды.

"Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин айрым талаптарын тактоо жөнүндө келишишти.

Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын долбоору каралды.

ЕЭК Кеңеши ага ылайык ЕАЭБ мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарына жана улуттук банктарына мамлекеттик сатып алуулар максатында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн банктары тарабынан берилген банк кепилдиктерин өз ара таануу боюнча пилоттук долбоорду баштоо сунуш кылынган тескемени кабыл алды.​