Sign In
ЕАЭБде жалпы цемент рыногу түзүлүүдө

ЕАЭБде жалпы цемент рыногу түзүлүүдө

04.10.19

Россия Федерациясы курулуш рыногундагы тоскоолдукту жойду. Эми Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) жалпы цемент рыногун түзүү үчүн бардык шарттар бар.

Курулушта колдонулган цементти сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүүдө ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн цемент өндүрүүчүлөрүнө Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык катталган юридикалык жакты түзүүнүн кереги жок. Ошондой эле, башка мүчө мамлекеттердин цемент өндүрүүчүлөрү бул продукцияга карата шайкештик сертификаттарын алуу үчүн Россиянын сертификаттоо боюнча органдарына арыз берүүчү катары түздөн-түз кайрыла алышат.

Цементти эркин жүгүртүүнү камсыз кылуунун алкагында «Шайкештикти баалоо. Цементтерди сертификаттоо эрежелери» деп аталган мамлекеттер аралык стандарттын долбоору иштелип чыгууда.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 16-майында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында Комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жетекчилиги астында ЕАЭБде жалпы цемент рыногун түзүү боюнча кеӊешме ​өткөрүлгөн. Аталган иш-чарада ЕЭК Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко, мүчө мамлекеттердин техникалык жөнгө салуу жана курулуш жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилери катышышкан.

Кеңешменин натыйжалары боюнча ЕАЭБ мамлекеттеринин өндүрүүчүлөрүнө цементти тоскоолдуктарсыз өз ара жеткирүүгө мүмкүндүк берген, жалпы цемент рыногун түзүү боюнча иштерди баштоо үчүн конкреттүү кадамдар белгиленген.

Маалымат

Росстандарттын 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 613-ст буйругу менен ГОСТ Р 56836-2016 «Шайкештикти баалоо. Цементтерди сертификаттоо эрежелерине» тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди.

ЕАЭБ өлкөлөрү ири цемент өндүрүүчүлөрү жана керектөөчүлөрү болуп саналат. Мисалы, 2018-жылы өз ара соода жүргүзүүдө Казакстандын цементти экспорттоо көлөмү 32 млн долларды түздү, Беларусь – 57,1 млн доллар, Россия – 153,1 млн доллар.