Sign In
8-августта Кыргызстанда бильярддык спорт боюнча эркектер жана аялдар арасында «Эркин пирамида» дүйнө чемпионаты башталат

8-августта Кыргызстанда бильярддык спорт боюнча эркектер жана аялдар арасында «Эркин пирамида» дүйнө чемпионаты башталат

бильярд.png
05.08.19
8-августта саат 10.00дө Ысык-Көлдүн жеээгиндеги Чолпон-Ата шаарында (Кыргыз Республикасы) бильярддык спорт боюнча, же башкача аталышы, «американка» боюнча эркектер жана аялдар арасында «Эркин пирамида – 2019» дүйнө чемпионаты башталат.

Аталган иш-чара, курамына Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирген, Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 5-жылдыгына жана евразиялык интеграция идеясынын 25-жылдыгына арналган. Чемпионаттын уюштуруучулары – Эл аралык пирамида конфедерациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосунда Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК).

Ачылыш аземинде Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн вице-премьерлери, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, ошондой эле Эл аралык пирамида конфедерациясынын президенти, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Павел Завальный катышышат.

Чемпионат 2019-жылдын 14-августуна чейин уланат. Чемпионатты ЕАЭБдин мааракелүү күндөрүнүн алкагында өткөрүү идеясы ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисянга таандык, аны Эл аралык пирамида конфедерациясынын президенти толугу менен колдоду. Чемпионат ЕЭК Кеӊешинин, вице-премьерлер жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин катышуусу менен өткөрүлгөн, ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги отурумдарынын алдында башталат.

Чемпионатта 20дан ашуун өлкөлөрдөн чыккан спортчулардын катышуусу күтүлүүдө. Мелдештердин жүрүшүндө «американка» боюнча дүйнө чемпиону жана эң күчтүү оюнчулар аныкталат.

Учурда эркин пирамида боюнча дүйнө чемпиону болуп планетанын эң күчтүү оюнчуларынын бири – ЕАЭБ алдындагы байкоочу мамлекет болуп саналган Молдова Республикасынын спортчусу Сергей Крыжановский саналат. Бул дисциплина боюнча дүйнө чемпиондорун эсепке алуу 2000-жылдан башталган. Спорттун бул түрүндөгү алгачкы дүйнө чемпиону – орус бильярдынын легендасы Евгений Сталев.

Журналисттерди бильярддык спорт боюнча «Эркин пирамида – 2019» дүйнө чемпионатынын ачылыш аземин жана мелдештерди чагылдырууда катышууга чакырабыз.

Турнир Чолпон-Ата шаарында «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде өткөрүлөт. Журналисттик күбөлүктөрүңүздөр жаныңыздарда болуусун өтүнөбүз.

Иш-чарага аккредиттөө 7-август саат14.00гө чейин ачык.

ММКны аккредиттөө үчүн байланыштар: ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин пресс-кызматы бөлүмүнүн кызматкери Сергей Цыплёнков, е-mail: tsyplenkov@eecommission.org, тел. + 7 (495) 669-24-00, кош. 41-49.