Sign In
ЕЭК жана Аргентинанын Агроиндустрия боюнча өкмөттүк катчылыгы кызматташтык жөнүндө меморандум түзүштү

ЕЭК жана Аргентинанын Агроиндустрия боюнча өкмөттүк катчылыгы кызматташтык жөнүндө меморандум түзүштү

E7C450E5-B3B9-45A5-843E-88EAB42DD3DE.jpg
05.08.19

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин жана Аргентина Республикасынын Өндүрүш жана эмгек министрлигинин агроиндустрия боюнча өкмөттүк катчысы Луис Мигель Этчевеэре Буэнос-Айрестеги (Аргентина) жумушчу жолугушуусунун алкагында Агроөнөр жай комплекси (АӨК) тармагында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Документте бир катар багыттар, анын ичинде өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылыгы, АӨКтөгү технологиялар трансфери жана инвестициялар боюнча өз ара аракеттенүү каралган.

Александр Субботин Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жана Аргентинанын ортосунда айыл чарба өндүрүшүн алып баруу тажрыйбасы, айыл чарба илимдери тармагындагы жетишүүлөр, айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоонун эң жаӊы иштеп чыгуулары жана технологиялары менен өз ара алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи, экологиялык дыйканчылык перспективаларын өнүктүрүүгө токтоло өттү. Ошондой эле, ал өз ара соодада санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу чөйрөсүндө так координациянын болушу зарыл экендигин белгиледи. ЕЭК министри Комиссиянын жана Өкмөттүк катчылыктын биргелешкен иши меморандумдун тараптарынын ортосунда агроөнөр жай комплексиндеги натыйжалуу өз ара пайдалуу байланыштарды түзүү үчүн да, ЕАЭБ ичиндеги интеграциялык процесстерди стимулдаштыруу үчүн да зарыл экендигин айтты.

Жолугушууда ЕЭКтин координациясынын астында мүчө мамлекеттердин Аргентина Республикасы менен кызматташтыгынын перспективалары жана багыттары, Өкмөттүк катчылыктын эт багытындагы малчылык жана биотехнологияларды пайдалануу жаатында биргелешип иштешүү жөнүндө сунуштары талкууланды.

Маалымат

Аргентина Республикасынын Өндүрүш жана эмгек министрлигинин агроиндустрия боюнча өкмөттүк катчылыгы агроөнөр жай комплексинин соода саясатын түзүүдө катышат, айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн эл аралык рыноктордун ачылышына көмөк көрсөтөт.