Sign In
ЕЭК министри Серик Жумангарин: "Эквиваленттик ыйгарым укуктары бар регионалдык уюмдардын тажрыйбасы биз үчүн абдан маанилүү"

ЕЭК министри Серик Жумангарин: "Эквиваленттик ыйгарым укуктары бар регионалдык уюмдардын тажрыйбасы биз үчүн абдан маанилүү"

05.12.19

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) монополияга каршы блогунун жана Латын Америкасынын өлкөлөрүнүн интеграциялык бирикмесинин – Анд коомдоштугунун өкүлдөрү Лимадагы (Перу Республикасы) жолугушууда атаандаштыкты коргоо жаатындагы өз ара кызматташтыктын векторлорун талкуулашты. Комиссиянын делегациясын ЕЭК Коллегиянын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Серик Жумангарин жетектеди.

ЕЭКтин жана Анд коомдоштугунун Генералдык катчылыгынын ортосунда 2017-жылда кол коюлган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан, эки интеграциялык бирикменин ортосундагы атаандаштык жана укук колдонуу маселелери боюнча Кызматташуу программасынын долбоорун талкуулоо жана макулдашуу сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы болду. Серик Жумангариндин жана Анд коомдоштугунун Генералдык катчысы Хорхе Эрнандо Педрастын ушул жылдын сентябрында Москвада болуп өткөн жолугушуусунда Программаны кабыл алууга өз ара кызыгуу жөнүндө айтылган.

Лимадагы жолугушуунун жыйынтыктары боюнча тараптар Кызматташуу программасына кол коюу үчүн зарыл болгон тийиштүү ички жол-жоболорду өткөрүшөт деп күтүлүүдө.

Ошондой эле, тараптар атаандаштыкты коргоо боюнча ар түрдүү аспаптарды колдонуу тажрыйбасы менен бөлүшүштү. ЕЭК Коллегиясынын мүчөсүнүн айтуусу боюнча, атаандаштыкты коргоо боюнча жалпы саясатты жүргүзүүнүн Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) иш-тажрыйбасынан айырмаланган, Анд коомдоштугунда колдонулган альтернативдик варианты бул чөйрөдөгү интеграциянын формалары жөнүндө түшүнүктү байытат. ЕЭК мүчөлөрү ушул жылы ЕАЭБдин чек ара аралык рынокторунда аныкталган картелдик макулдашуулардын болуусунун фактыларын мисал катары келтирүү менен, ЕАЭБдин жалпы рыногунда атаандаштыкты коргоо кантип жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле, ЕЭК делегациясынын Перу Республикасына сапарынын программасына Латын Америкасынын эң беделдүү жана активдүү монополияга каршы ведомстволорунун бири болуп саналган, Эркин атаандаштыкты жана интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча улуттук институттун (INDECOPI) жетекчилиги менен жолугушуу кирди. Сапардын жүрүшүндө тараптар монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар боюнча иштерди иликтөө жөнүндө маалыматтар менен алмашышты. INDECOPI өкүлдөрү ЭКӨУ тарабынан Перунун атаандаштык саясатына эксперттик серептин жүргүзүлүшүндө алынган тажрыйба жөнүндө, ошондой эле INDECOPI негизинде Латын Америкасы үчүн ЭКӨУнун атаандаштык боюнча Регионалдык борборунун түзүлгөндүгү тууралуу айтып беришти.​