Sign In
Михаил Мясникович Михаил Мишустин менен жолугушууда ЕЭКтин ишин өркүндөтүүнү сунуш кылды

Михаил Мясникович Михаил Мишустин менен жолугушууда ЕЭКтин ишин өркүндөтүүнү сунуш кылды

06.03.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. Аталган жолугушуу 6-мартта РФ Өкмөт Үйүнүн Камин залында болуп өттү. Тараптар Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын үстүнөн иштин жүрүшүн жана ЕЭКтин ишин өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

            Михаил Мясникович баса белгилеп өткөндөй, ал Евразия экономикалык бирлигинин бардык мамлекеттерине барып келди жана "бешилтиктин" мамлекет башчыларынын, өкмөт башчыларынын жана интеграция маселелери менен түздөн-түз алектенген кызмат адамдарынын тапшырмалары жана каалоолору тууралуу түшүнүк алып келди.

            "Менде Евразия экономикалык комиссиясынын ишин көрүүгө да мүмкүнчүлүк болду, жана мен биздин ишти кантип өркүндөтүү керек экендиги жөнүндө сунуштарым менен бөлүшүп кетким келет. Чечүүнү талап кылган маселелер аз эмес", – деди ЕЭК Коллегиясынын башчысы.

            Ошондой эле, ал мамлекет жана өкмөт башчылары кабыл алган саясий чечимдердин жана иш жүзүндө аткарылган иштердин ортосунда боштук бар деп белгиледи.

            "Бул боштукту биз евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын долбоорунун аспаптарынын жана механизмдеринин аркасында толтурууга аракет жасадык. Менимче, бул документтин баалуулугу, биринчи кезекте, анда түздөн-түз аракеттенүү ченемдеринин болушунда", – деди Михаил Мясникович.

            Михаил Мишустин стратегиялык багыттардын үстүнөн ишти аяктоо эң маанилүү милдеттерин бири болуп саналат деп белгиледи. Аягына чыгара иштелген долбоорду 10-апрелде Минскте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда талкуулоо пландаштырылууда.

            "Коллегиянын алдында жоопкерчиликтүү милдет турат – "бешилтиктин" экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча биргелешкен иш-аракеттерин координациялоону камсыз кылуу, интеграциялык контурга жаңы тармактарды, биринчи кезекте, санариптик экономиканы кошуу", – деди Россиянын премьер-министри.

            Ал россиялык тарап Бирликтин органдарынын ишин өркүндөтүү боюнча жаңы демилгелерге толугу менен ачык экендигин, жана Россия "евразиялык интеграциянын локомотивинин функциясын" өзүнө алууга даяр экендигин баса белгиледи.

            "Инвестициялар үчүн Бирликтин рыногунун жагымдуулугу, экономикалык өсүш, биздин жарандардын жыргалчылыгынын жакшырышы ЕЭКтин ишинин натыйжалуулугунан көз каранды", – деп корутундулады Михаил Мишустин.

            Буга чейин ЕЭК Коллегиясынын башчысы жумушчу сапарлары менен Беларуска, Арменияга, Казакстанга жана Кыргызстанга барып, аталган мамлекеттердин жетекчиликтери менен жолугушкан.​

​​