Sign In
Эркин соода жөнүндө макулдашуулар кошулган нарктын глобалдык чынжырларында катышууну активдештирүүгө мүмкүндүк берет

Эркин соода жөнүндө макулдашуулар кошулган нарктын глобалдык чынжырларында катышууну активдештирүүгө мүмкүндүк берет

Фото_Цифра.jpg
06.09.19

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина «Кошулган нарктын глобалдык чынжырларында Ыраакы Чыгыштын катышуусу. Нытайжалуу стратегиялар» деп аталган талкуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) эң натыйжалуу жана активдүү өнүгүп келе жаткан глобалдык чынжырларга кошуу үчүн улуттук жогорку технологиялуу өндүрүштүн приоритеттүү өнүгүү багыттарын жана атаандаштыктык артыкчылыктарын аныктоону караштырган комплекстүү милдети, өндүрүштүк өз ара мамилелерди бекемдөө жана соодадагы тоскоолдуктарды жоюу үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн үчүнчү өлкөлөргө карата салмактанган тышкы экономикалык саясатын өткөрүү тууралуу айтып берди. Аталган иш-чара Чыгыш экономикалык форуму – 2019 алкагында болуп өттү.

«Эркин соода жүргүзүү жөнүндө макулдашууларды түзүү – бул модага баш ийүү жана башка өлкөлөрдү кууп жетүүгө аракет жасоо эмес, алардын рыногунда биздин конкреттүү экспорт кызыкчылыгыбыз жана потенциалыбыз бар болгон өлкөлөр менен кооперациялык байланыштарды же, башкача айтканда, нарк түзүү чынжырларын калыптандырууга жардам берген, толук түшүнүк менен жүргүзүлүп жаткан саясат экендигин негизге алабыз. Бүгүнкү күндө экономикалык натыйжалуулук даяр товарды түзүүнүн кооперациялык процессин аныктайт, жана биздин милдет – кооперациялык өнүмдүн наркынын курамынан чек ара аралык сооданы ишке ашыруудан келип чыккан чыгымдарды мүмкүн болушунча алып салуу», – деди Вероника Никишина.

ЕЭКтин соода боюнча министри ЕАЭБдин бизнес-коомдоштугун сурамжылоо тышкы рынокторго чыгууга жана нарк түзүү чынжырларында катышууга кызыкдар компаниялар туш келген бир топ көйгөйлөрдү аныктагандыгын белгиледи. Атап айтканда, мындай тоскоолдуктардын катарына салттуу түрдө бажы тарифин мыйзамдаштыруу, продукцияны сертификаттоонун татаалдыгы, өнөктөштүк байланыштарды орнотуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтардын жетишсиздиги кирет. Эркин соода жүргүзүү жөнүндө макулдашуулардын милдети – тарифтерди төмөндөтүү жана аталган тоскоолдуктарды жоюу аркылуу экспорттук сооданы көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү гана эмес, ички корпоративдик жана кооперациялык жеткирүүлөрдү ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

Вьетнам менен макулдашуунун аракетинин натыйжасында товар жүгүртүү 2016-жылда 4,3 млрд АКШ долларынан 2018-жылда 6,7 млрд АКШ долларына чейин көбөйгөн, өз ара сооданын товардык номенклатурасы 10%дан көпкө жогорулаган.

«Башка жол-жоболордун, мисалы, бажылык тескөө-башкаруунун, техникалык тоскоолдуктардын да мыйзамдаштырылышы – бул, биз алардын жардамында бизнеске чынжырларга кошулууга жардам берүүнү болжогон, соода саясатынын кошумча аспаптары», – деди Вероника Никишина.