Sign In
​Серик Жумангарин: «ЕЭКтин приоритеттүү милдети – бизнеске Евразия экономикалык бирлигинин бардык пайдаларынан жана артыкчылыктарынан пайдаланууга жардам берүү»​

​Серик Жумангарин: «ЕЭКтин приоритеттүү милдети – бизнеске Евразия экономикалык бирлигинин бардык пайдаларынан жана артыкчылыктарынан пайдаланууга жардам берүү»​

Серик Жумангарин, 6 сент.jpg
23.10.19
4 жана 5-сентябрда Актөбө жана Уральск шаарларында (Казакстан Республикасы) Коллегиянын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Серик Жумангарин баш болгон ЕЭК делегациясы республиканын бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Аталган иш-чаралар Комиссиянын Коомдук кабылдамасынын жана монополияга каршы блогунун ушул жылдын сентябрына пландаштырылган көчмө отурумдарынын сериясындагы алгачкы отурумдар болду.

Серик Жумангариндин айтуусу боюнча, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бизнесине жардам берүү – Комиссиянын приоритеттүү милдеттеринин бири, аны аткаруу, биринчи кезекте, ЕАЭБдин рынокторуна чыгууда өндүрүүчүлөр үчүн тоскоолдуктарды жоюу болуп саналат. ЕЭК министри ишкерлерлерди кызматташтыкка чакырды, жана бул иш алардын активдүү катышуусунда кыйла натыйжалуу болорун белгилеп өттү.

«Бул иште бизнестин ролу абдан маанилүү, ал маалыматтардын жеткирүүчүсү болушу мүмкүн. Өзүбүз тараптан биз ишкердик коомдоштук менен тике байланышта болууну – мындай айтканда, «талаада» иштөөнү каалайбыз», – деди Серик Жумангарин.

Бүгүнкү күндө Комиссия мындай тоскоолдуктарды, бөгөттөрдү жана чектөөлөрдү аныктоо жана жоюу боюнча активдүү иш алып барууда, алардын көпчүлүгү продукциянын коопсуздугуна карата кошумча талаптар менен байланыштуу.

ЕЭК өкүлүнүн айтуусу боюнча, Комиссиянын тоскоолдуктарды жоюу үчүн аспаптары бар, 2017-жылы тоскоолдуктарды жоюу боюнча «жол картасы» түзүлгөн. Аны ишке ашыруу боюнча баскычталган иштин алкагында 30дан ашуун тоскоолдук жоюлган, бул, айрым баалоолор боюнча, ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин бизнесине чыгымдардан дээрлик 70 млн АКШ долл. үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.