Sign In
Интернет-сооданын эрежелери жалпы болууга тийиш

Интернет-сооданын эрежелери жалпы болууга тийиш

Фото-Цифра.jpg
06.09.19

5-сентябрда Чыгыш экономикалык форумунун алкагындагы «Эл аралык сооданын санариптик трансформациясы: электрондук коммерция жана башкалар» деп аталган панелдик сессиянын жүрүшүндө барган сайын көп көлөмдөгү В2В жана В2С бүтүмдөрүнүн санариптик чөйрөгө өтүп жаткандыгына байланыштуу дүйнөлүк соода үчүн жаӊы мүмкүнчүлүктөр жана эволюциялык чакырыктар, коомдун экономикалык жана социалдык жашоосунун санариптик трансформациясынын негизги тенденциялары, ошондой эле россиялык өндүрүүчүлөрдүн глобалдык экономикада катышуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн зарыл болгон чаралар талкууланды.

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина чыгып сүйлөгөн сөзүндө санариптик соодада натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал мамлекеттик чаралардын жөнгө салуучу таасиринин пропорционалдуулугун, алардын Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мейкиндигинде санариптик чөйрөдө иштеген заманбап бизнести түзүүгө түрткү берүүгө багытталган, балансталган багытталышын камсыз кылуу, электрондук соодага экономиканын салттуу секторлорун, керектөөчүлөрдүн укуктарын жана алардын жеке маалыматтарын коргоону киргизүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

ЕЭК министринин пикири боюнча, Бирлик, санариптик трансформация дээрлик ар бир үйгө жана кеңсеге келип жеткен экономикалык мамилелердин трансформациясына байланыштуу, бир катар жөнгө салуучу чакырыктарга туш келүүдө. Буга В2С сегментинде чек ара аралык санариптик соода операцияларын ишке ашырууда КНСти төлөөнүн бир маанилүү эместиги, электрондук соода каналдары боюнча сатып алынып жаткан жана почта жөнөтүүлөрү менен жеткирилген продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери кирет.

«Товар жүгүртүүнүн салттуу каналдарын жөнгө салуу үчүн он жылдап жазылып келген эл аралык жана улуттук соода эрежелери бүгүн санариптик сооданы жөнгө салуу үчүн натыйжасыз жана жетишсиз болууда. Жана биз, жаңыдан аракетке киргизилип жаткан бул жөнгө салуу бир жагынан натыйжалуу, ал эми экинчи жагынан – биздин юрисдикцияда бизнести өнүктүрүү үчүн башка өлкөлөргө салыштырмалуу эң начар шарттарды түзбөө үчүн, ишкерлер үчүн ашыкча чектөөчү болбошун камсыз кылуу өтө маанилүү», – деди Вероника Никишина.