Sign In
Армениянын ЕАЭБде мүчөлүгүнүн биринчи эки жылынын жыйынтыктары чыгарылды

Армениянын ЕАЭБде мүчөлүгүнүн биринчи эки жылынын жыйынтыктары чыгарылды

06.07.17

Армения Республикасы Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулуудан кандай оң жана терс жыйынтыктарды алды, интеграциянын алкагында анын перспективалары жана мүмкүнчүлүктөрү кандай, ошондой эле өлкөдө санариптик маселелерди өнүктүрүү сыяктуу маселелер 6-июлда Ереванда өткөн “Армения Республикасы: Евразия экономикалык биримдигиндеги эки жыл. Биринчи жыйынтыктар” тегерек столунун алкагында талкууланды.

Тегерек столго Армения Республикасынын Вице-Премьер-Министри, эл аралык экономикалык интеграция жана реформалар министри Ваче Габриелян, ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Татьяна Валовая, ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Карине Минасян, Армениянын мамлекеттик органдарынын жетекчилери, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Чех Республикасынын элчиликтеринин, илимий жана бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрү катышышты.

Тегерек столдун катышуучулары менен саламдашуу сөзүндө Ваче Габриелян мындай деп белгиледи: “Өткөн эки жыл аймакта тышкы экономикалык шоктор жана негативдүү тренддер болгону менен Армения Республикасынын экспорту көбөйгөнүн, импорттолуучу товарларга баалар төмөндөгөнүн, ал эми төлөмгө жөндөмдүү баланстын дефицити кыскарганын көрсөттү. Анткен менен Армениянын ЕАЭБге кошулуусунун натыйжалары туурасында акыркы корутунду чыгаруу али эрте”.  Армян өкмөтүнүн өкүлүнүн сөзү боюнча, негизги интеграциялык институттар азыр калыптануу процессинде, ал эми катышуучу-өлкөлөрдүн экономикалык системалары азырынча кооперациянын оптималдуу түрүн таба элек. Бирок азыркы учурда эле интеграциялык бирикменин чоң потенциалын көрүүгө болот.

“Армения Республикасынын ЕАЭБге мүчөлүгүнүн биринчи жыйынтыктары” сессиясында Татьяна Валовая өлкөнүн Биримдикке кошулуусунун натыйжалары туурасында айтып берди, алардын катарында: өнөр жайынын өнүгүүсүнүн арымы боюнча лидерлик, ички дүң өнүмдүн өсүшүнүн жана Биримдиктин бирдиктүү рыногуна армян продукциясынын жеткирилишинин көбөйүшү.

“Армения Республикасынын ЕАЭБ мамлекеттерине экспорту 2016-жылы 53%га өстү, - деп билдирди ЕЭК министри. - Өлкө өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшүнүн арымы боюнча биринчи орунду ээледи - өткөн жылы ал 6,7% деңгээлинде аныкталган”.

Армениядан үчүнчү өлкөлөргө жеткирүүлөрдүн өсүшү 2016-жылы 13% түзгөн, ал эми жогорку технологиялык экспорттун үлүшү жалпы көлөмдүн 12%на жеткен, ал эми Биримдик боюнча бул көрсөткүчтүн орточо деңгээли 8,8% болгон.  ЕАЭБтин ички рыногуна армениялык товарлардын экспорту экспортун жалпы көлөмүндө 15,9% дан 22%га көбөйгөн.

Арменияда айыл чарба продукциясынын өндүрүшү 6,5% га өскөн, бул 2016-жылы өлкөгө Биримдиктин ички рыногуна жеткирүүлөрдү көбөйтүүгө мүмкүндүк берген. 2014-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу экспорт 6% га көбөйүп, 260,7 млн АКШ долларын түзгөн.  Мөмөлөрдүн, алкоголдук жана алкоголдук эмес суусундуктардын жеткирүүлөрү баарынан көп өскөн.

Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 6,7% деңгээлинде аныкталган, ал эми 2017-жылдын биринчи кварталында бул көрсөткүч өткөн жылдын ушундай эле мезгилине салыштырмалуу 16,2% түзгөн.

2017-жылдын биринчи кварталында өз ара сооданын көлөмү 38,4%га 102, 5 млн АКШ долларына чейин көбөйүп, 2014-жылдын деңгээлинен 49%га, 2015-жылдын деңгээлинен үч эсе ашкан.  

Армения Республикасы мүчө мамлекеттердин ичинен ИДӨ өсүшүнүн арымы боюнча алдыңкы позициялардын бирин ээлейт. Дүйнөдө жана ошондой эле Россия Федерациясында экономикалык жагдайдын туруксуздугунун фонунда республиканын ИДӨсү 2014-жылдан 2016-жылга чейин анчалык жогорулабаганына карабастан, 2017-жылдын биринчи кварталында эле өлкөнүн ИДӨсү өткөн жылдын ушундай эле мезгилине салыштырмалуу 6,5%га көбөйгөн.

Тегерек столдун алкагында өткөрүлгөн “Армения Республикасы жана ЕАЭБ: жаңы мүмкүнчүлүктөр жана өнүгүү перспективалары” сессиясында негизги темалардын бири санариптик трансформация болду. Сессиянын модератору болгон Карине Минасян анын маанилүүлүгүн белгиледи. “Трансформация процессине жигердүү кошулбаган мамлекеттер, жакынкы жылдары өзүнүн атаандаштык артыкчылыктарын жоготушу мүмкүн, - деп эсептейт ЕЭК министри. - Армения маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүүсүндө абдан чоң кадам жасады, тармактын көлөмү 2010-жылдан 4,3 эсе өстү - бул өлкөнүн экономикасындагы эң жакшы көрсөткүч. Глобалдык рынокто иштеген IT-компаниялардын саны 2010-жылдан 2,4 эсе өсүп, 400дөн ашыкты түзөт”.

Талкуунун жүрүшүндө белгиленгендей, Армения үчүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү сактоонун жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуунун негизги жолдорунун бири глобалдык санариптик трансформация процесстерине максималдуу кошулган реалдуу сектордун жана  IT секторунун мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү болмокчу.

Карине Минасяндын пикири боюнча, Армения айыл чарбасында заманбап технологияларды колдонууда бир топ алдыга жылган. 2010-жылдан бери күнөскана чарбаларынын аянты алты эсе өскөн, алардын көп бөлүгү жогору түшүмдүүлүктү камсыздаган жогору технологиялык жабдуу менен жабдылган.

Армения Биримдиктин мейкиндигинде товарларды көзөмөлдөө маселелеринде бир топ алдыда. Санариптик технологиялар өндүрүш процессин жана продукцияны, кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүнү айкын кылууга мүмкүндүк беришет, натыйжа катары тескөө органдарынын жана бизнестин өз ара иштешүүсү минималдашат.

Тегерек столдун жүрүшүндө айтылган негизги корутундуларды, сунуштарды жана көрсөтмөлөрдү “Армения Республикасы: Евразия экономикалык биримдигиндеги эки жыл. Биринчи жыйынтыктар” докладын даярдоодо колдонуу пландаштырылат.  Ал Евразия өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда жылдын аягында сунушталмакчы.