Sign In
Михаил Мясникович Арменияга иш сапарынын жыйынтыктары боюнча: "Учурдагы тоскоолдуктарды жоюп, жаңы тоскоолдуктардын пайда болушуна жол бербөө зарыл"

Михаил Мясникович Арменияга иш сапарынын жыйынтыктары боюнча: "Учурдагы тоскоолдуктарды жоюп, жаңы тоскоолдуктардын пайда болушуна жол бербөө зарыл"

07.02.20

7-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Ереванга иш сапары менен барып, ал жерде Армения Республикасынын жетекчилиги менен жолугушту.

Михаил Мясникович жана Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Евразия экономикалык бирлигинде интеграцияны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Никол Пашинян Михаил Мясниковичти ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын кызматына киришкендиги менен куттуктап, ага натыйжалуу жана үзүрлүү иш каалап өттү. Ал Евразия экономикалык комиссиясы Михаил Мясниковичтин жетекчилиги астында ЕАЭБдин алкагындагы кызматташтыкка жана соода-экономикалык байланыштардын өнүгүүсүнө жаңы импульс берет деген ишеничин билдирди. 

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Армения Республикасынын Премьер-министрине анын кандидатурасын колдогондугу үчүн ыраазычылыгын билдирип өттү. Михаил Мясникович өзүнүн иши менен Бирликтин өлкөлөрүнүн башчылары ага көрсөткөн ишенимди актаарын билдирди.

Жолугушуунун катышуучулары Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын, соода тоскоолдуктарын, алып коюуларды жана чектөөлөрдү жоюуга карата мамилелерди, инвестицияларды демилгелөөнү талкуулашты, ошондой эле ЕАЭБдин алкагында ички товар жүгүртүүнүн көлөмдөрүн көбөйтүү жана бирдиктүү энергетика рыногун түзүү боюнча ырааттуу кадамдардын маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Михаил Мясниковичтин Армения Республикасынын Биринчи вице-премьери Мгер Григорян менен жолугушуусунда тараптар ЕАЭБдин алдында турган мүмкүнчүлүктөр жана милдеттер тууралуу пикир алмашышты.

Алар Бирликтин өлкөлөрүнүн мыйзамдарын андан ары шайкеш келтирүүнүн, соода үчүн тоскоолдуктарды жоюунун жана мамлекеттердин өзгөчөлүктөрүнө негизделген жалпы экономикалык механизмдерди түзүү боюнча ишти улантуунун зарылдыгын баса белгилешти.

Мгер Григорян Михаил Мясниковичти ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын кызматына дайындалгандыгы менен куттуктады жана мындай тажрыйбалуу мамлекеттик ишмерге ишеним көрсөтүлгөн мындай дайындоо үчүн кубанычта экендигин белгилеп өттү.

Михаил Мясникович өз кезегинде Армения Республикасынын Биринчи вице-премьеринин Бирликти андан ары өнүктүрүү боюнча идеясы үчүн ыраазычылыгын билдирди жана анын ЕЭК Кеңешинин ишмердигиндеги активдүү катышуусуна жогору баа берди.

Михаил Мясниковичтин Армения Республикасынын Президенти Армен Саркисян жана Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын Спикери Арарат Мирзоян менен жолугушуулардын жүрүшүндө да ЕАЭБди өнүктүрүүгө карата жаңы мамилелер, евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, Бирликтин жалпы рыногундагы соода тоскоолдуктарын жоюу талкууланды.

"Мен Арменияга иш сапардын натыйжаларына абдан ыраазымын, – деп Михаил Мясникович Армениянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча журналисттер менен жолугушууда билдирди. – Биз тоскоолдуктарды жоюуга көп көңүл бөлдүк. Жана, эң негизгиси, биз жаңы тоскоолдуктардын пайда болушуна кантип жол бербөө керектиги тууралуу сөз кылдык".​