Sign In
ЕАЭБ Латын Америка жана Кариб бассейнинин өлкөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө

ЕАЭБ Латын Америка жана Кариб бассейнинин өлкөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө

07.06.19
Товар жүгүртүүнү көбөйтүү – Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин жана Латын Америка жана Кариб бассейнинин өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын негизги максаты болуп саналат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко 5-июнда Комиссия тарабынан өткөрүлгөн семинарда билдирди.

Семинардын ишине Латын Америка жана Кариб бассейнинин мамлекеттеринин тобуна (ЛАКМТ) кирген өлкөлөрдүн дипломатиялык миссияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышышты.

Виктор Назаренко, Комиссиянын аянтчасында уюштуруу пландаштырылып жаткан, ЕАЭБ жана ЛАКМТ өлкөлөрүндө продукциянын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу тутумдары жөнүндө үзгүлтүксүз маалымат алмашуу – соода жана экономикалык кызматташтыкты андан ары кеңейтүүнүн натыйжалуулугунун кепилдиги деп белгиледи.

Семинардын жүрүшүндө санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды (СФС-чаралар) колдонуу маселелерине, ошондой эле алардын, талаптары Бирликте товарлардын коопсуздугун камсыз кылган жана эл аралык сооданы өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойногон, техникалык регламенттер менен өз ара байланышына өзгөчө көңүл бурулду.

Латын Америкалык кесиптештер ЛАКМТ жөнүндө, ошондой эле алардын өлкөлөрүндө колдонулган СФС-чаралар жөнүндө кыска презентация көрсөтүштү.

Семинардын катышуучулары ЕАЭБ жана ЛАКМТ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилешти, өз ара кызыкчылыкка ээ болгон багыттар боюнча андан аркы биргелешкен иштин перспективаларын белгилешти.